Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/3
Жан-Булак айылы. 25-ноябрɵ 2024-жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
- Регламентин негиз кылып иш алып баруу жагы Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jan-dulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын төрагасы А.Адиевге тапшырылсын.
Төрага С.Акматов
