Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын № 1/5 ТОКТОМУ

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  XXIX чакырылышынын             I кезектүү  сессиясынын

№ 1/5 ТОКТОМУ

Жан-Булак айылы.                                                                               25-ноябрɵ 2024-жыл

 

Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегин жакшыртуу жана айылды жарыктандыруу, тратуарларды салуу боюнча долбоорун жактыруу жана долбоорго акча каражатын кароо жөнүндө

 

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегин жакшыртуу жана айылды жарыктандыруу, тратуарларды салуу боюнча долбоорун жактыркк, акча каражатын кароо максатында жана айыл тургундарынын 2024-жылдын 3-октябрындагы элдик жыйындын №21 протоколунун, Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын 25-ноябрындагы №187-б буйругунун негизинде Жан-Булак айылдык кенешинин    XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Нарын облустук Тенир-Тоо Ɵнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 8 266 680 (сегиз миллион эки жүз алтымыш алты мин алты жүз сексен) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына капраштуу Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегин жакшыртуу жана айылды жарыктандыруу, тратуарларды салуу боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
  2. Жан-Булак айылдык кенешинин XXVIII чакырылышыныXII кезектүү сессиясы 2024-жылдын 26-январындагы №12/2 токтомунда долбоорлоого деп каралган 712 300 сом акча каражатынан, Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегин жакшыртуу жана айылдыжарыктандыруу, тратуарларды салуу боюнча долбооруна 700 000 (жети жүз мин) сом акча каражаты артыкчылыктуу негизде бѳлүнүп берилсин.
  3. Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевга милдеттендирилсин

 

        Төрага                                                                                                                   С.Акматов

Leave a Reply