Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 1- сессиясынын № 1/2 Токтому

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  1- сессиясынын

 

№ 1/2  Токтому

     Жан – Булак айылы                                                                  25-ноябрɵ    2024– жыл          

Жан-Булак  айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларын дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинде;
  • Социалдык маселелер ( билим берүү, маданият, жаштар, спорт, саматтыкты сактоо , регламент, депутаттык этика, мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча комиссиясы;

 

  • Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясы;
  • Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;

 

  1. Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, жаштар, спорт, саматтыкты сактоо регламент, депутаттык этика, мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча комиссиянын курамы;

 

  • Өзгɵрүшова Айкерим Жолдошбековна – комиссиянын төрайымы
  • Абыкеев Элдияр Ырысбаевич – мүчөсү
  • Кубат уулу Абай – мүчөсү

 

  1. Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиянын курамы;
  • Осмонова Бүбүсабида – комиссиянын төрайымы
  • Кумарбекова Бегимай Кумарбековна – мүчөсү
  • Эркинбек уулу Дастан – мүчөсү

 

  1. Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиянын курамы;

 

  • Калдеев Нурбек Мукашович – комиссиянын төрагасы
  • Жээнбек кызы Гүлзат– мүчөсү
  • Абдыбек уулу Кенжебек- мүчөсү

 

  1. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссияларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгү белгиленсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jan-dulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                        С.Акматов

Leave a Reply