Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅩII кезексиз ессиясынын
№ 12/2 Токтому
03-ноябрь 2025 – жыл Жан – Булак айылы
Кѳмѳкчү чордонун орнотууга жер аянтын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак айылына кѳмѳкчү чордонун орнотуу үчүн жер бѳлүп берүү боюнча Тянь-Шань РЭТинин сунушу жана Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 1509 кайрылуу катын карап жана талкуулап, ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅩII кезексиз сессиясы токтом кылат :
- Жан-Булак айылындагы К. Алмакунов кѳчѳсүнүн жол жээгинен муниципалдык жер тилкесине кѳмѳкчү чордонун орнотуу үчүн 0 чарчы метр жер аянты бѳлүнүп берилсин .
- Бѳлүнгѳн жер аянттарына электр трансформаторлорду орнотуу, ондоо техникалык коопсуздуктарды сактоо Тянь-Шань РЭТинен суралсын.
- Ушул током катоодон ѳткѳрүлүп , www jan-buiak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик ресстрине киргизүү үчүн Нарын облуснун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге жүктѳлсүн.
Төрайым А.Өзгɵрүшова
