Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅩI кезексиз ессиясынын
№ 12/1 Токтому
03-ноябрь 2025 – жыл Жан – Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын айрым жарандарга ыйгаруу жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын социалдык экономикалык, ɵнүгүүсүнɵ коомдук турмушуна жана маданий ,спорттук агартуу иштерине кошкон зор салымын эске алуу менен Жан-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-августундагы № 18/11 токтому менен бекитилген жобого ылайык , Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅩII кезексиз сессиясы токтом кылат :
1.Жан-Булак айыл аймагынын социалдык экономикалык , билим берүү , маданий ɵнүгүшүнɵ кошкнон арбын салымдары , кызматтык милдеттерин ак ниет менен аткаргандыгы кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги ɵсүп келе жаткан келечек муундарга үлгү болоорлук ,күжүрмɵн эмгектери жана учурда эл журтка сɵзү ,жүрүш турушу менен үлгү болгон элдин ынтымагын ,биримдигин чындоого , айыл эли менен тыгыз байланыштарды ырааттуу алып келе жаткандыктары үчүн Жан-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу “ наамы Белеков Болотбек Акматалиевичке , Тентимишова Нуржан Давлетбековнага ,Күлүйпа Асанбаевна ыйгарылсын.
2.Жан-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылган жарандарга тиешелүү күбɵлүк , ардак белгиснин тапшырууну уюштуруу жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ татапшырамын.
3.Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрайым А.Өзгɵрүшова
