2024-жылдын 11-январында Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбекович 2023-жылдагы аткарган иштери жана 2024-жылга коюлган пландар, Жан-Булак жана Достук айылдарынын социалдык-экономикалык абалы боюнча элге слайд түрүндө кенири маалымат берди.
Жыйынга айыл жергесиндеги элдердин учурдагы көйгөйлүү маселелерин жеринде угуп, чечүү максатында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Мадимаров Нуридин Султанович жана райондогу укук коргоо органдары жана мекеме жетекчилери менен бирге катышышты.
Андан сон айыл ичиндеги таза суу, электр чубалгылары, социалдык жактан көмөк көрсөтүү, турак жайга жер тилке берүү, жол жана ар түрдүү маселелер боюнча айыл тургундары тарабынан суроолор берилип, айыл өкмөтү жана мекеме жетекчилер тарабынан жооптор берилди.
Жыйындын жыйынтыгында Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери «канаатандырарлык» деп табылды.