Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 12 \2
Жан-Булак айылы 26-январь 2024-жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдан 2024-жылга карата калган акча каражатын пайдалануу жѳнүндѳ
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын жыл башында калган акча каражатынын сметасын бекитүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.2024-жылга жыл башында калган калдыктын жалпы суммасы 2398,3 (эки миллион үч жүз токсон сегиз мин үч жүз )сомго сметасы бекитилсин.
- 2024-жылга жыл башында калган калдыктан 486,0 (тѳрт жүз сексен алты мин) сом бала-бакчаларга тамак аш алууга;
“Эделвейс муниципиалдык ишканага субсидияга 1000,0 (бир миллион ) сом долбоорлорду ѳткѳрүүгѳ;
Достук айылына тапшырылуучу долбоорлорго 712,3 (жети жүз он эки мин үч жүз сом) ѳздүк салым үчүн;
Видеобайкоо алуу үчүн 100,0 (жүз мин) сом
Жаны конуштагы электр чубалгасын орнотууга столба алуу үчүн 100,0 (жүз мин) сом
3.Жыл башында калган калдыктын сметасын киргизип берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл ѳкмѳттүн башчысы У.Боскунчиевге жана айыл ѳкмѳтүнүн ФЭС+ бѳлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Тѳрага Э.Мамбеткулов