Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 12 \3
Жан-Булак айылы 26-январь 2024-жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдан 2024-жылга карата атайын каражаттан калган акча каражатын пайдалануу жѳнүндѳ
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын жыл башында атайын каражаттан калган акча каражатынын сметасын бекитүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.2024-жылга жыл башында атайын каражаттан калган калдыктын жалпы суммасы 40,9 (кырк мин тогуз жүз ) сомго сметасы бекитилсин.
2.2024-жылга жыл башында“Жылдыз”бала бакчасында атайын каражаттан калган калдыктан 40,9 (кырк мин тогуз жүз) сом акча каражаты бала-бакчага тамак аш алууга жумшалсын.
3.Жыл башында калган калдыктын сметасын киргизип берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл ѳкмѳттүн башчысы У.Боскунчиевге жана айыл ѳкмѳтүнүн ФЭС бѳлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Тѳрага Э.Мамбеткулов