Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын  X кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 10/2

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын  X кезектүү сессиясынын

ТОКТОМУ № 10/2

 15-октябрь 2025-жыл                                                                                                                                                    Жан-Булак айылы

                               Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн сметасына кошумча план суроо жѳнүндѳ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылы бекитилген сметасына салык агенти тарабынан тѳлѳнүүчү киреше салыгынан кошумча түшкѳн 1800000 (бир миллион сегиз жүз мин) сомго кошумча план суроо максатында Жан-Булак  айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          кезектүү  сессиясы токтом кылат:

  1. Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын III кварталына карата салык агенти тарабынан тѳлѳнүүчү киреше салыгынан 11111100 тѳлѳм кодуна пландан ашык түшкѳн 1800000 (бир миллион сегиз жүз мин) сом акча каражатына кошумча план суралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду каттодон ѳткѳрүп, jan-bular.gov.kg веб сайтына жарыялоо жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Г. Маматбаевга милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                                                     К. Арстанбеков

Leave a Reply