Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык ɵнүктүрүү планы.

Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүнүн 2024-жылдагы  социалдык-экономикалык ɵнүктүрүү планы

                                                            Өнүгүү планынын процесси

            Стратегиялык планды иштеп чыгуунун негизги максаттары жана аткарылуучу иштери.

Жан-Булак айыл аймагынын 2024-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде элдин турмушун жакшыртуу болуп саналат.

Жан-Булак айыл аймагынын 2024-жылга түзүлгөн өнүгүү планын бир нече кадамдар аркылуу белгилеп алдык.

  • Эң алгачкы кадам катары Жан-Булак айылы жана Достук айылдарынан турат. Бул айылдарды бир нече катмарга болуп алдык. Мындай топторго бөлүп алуу менен биз ар бир социалдык топтун көйгөйүн так, даана аныктап алууга шарт түзүп алдык. Ал фокус топторго карылар тобу, ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча, аз камсыз үй-бүлөлөр тобу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тобу, көп балалуу үй бүлөлөр тобу, жумушсуз аялдар тобу деп бөлүндү.
  • Демилгелүү топтун катарында айыл өкмөттүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаты, жергиликтүү активисттер, жаштар турат. Фокус топтордон аныкталган көйгөйлөр ɵнүгүү планга киргизилди. Ѳнүгүү планды иштеп чыгууда Жан-Булак жана Достук айылдарынын жалпы сүрɵтү мүмкүн болушунча чагылдырылды.
  • Өнүгүү планды иштеп чыгууда айылдын жалпы сүрөтү мүмкүн болушунча чагылдырылды.
  • Жан-Булак айыл аймагынын өнүгүү стратегиясынын алгачкы варианты Жан-Булак айыл аймагынын деңгээлинде өтүлгөн жалпы элдик чогулушта каралып, талкуу жүрдү. Коомчулуктун ой пикири эске алынып, өнүгүү планга кошумчалар кошулду.

Андан сырткары  айыл аймагын жакынкы аралыката өнүгүүсүнүн негизги максаты – бардык тармактардын натыйжалуу иштөөсүн, келечекте айыл аймагынын экономикасынын стабилдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу аркылуу аймактагы калктын жакырчылыгын кыскартуу, социалдык абалынын жакшыртуу.

Башкача айтканда «Күчтүү аймак – Күчтүү айыл өкмөт» чакырыгына багыт алып иш алып баруу.

Бул ɵнүгүү планы Кыргыз Республикасынын 2024-жылдагы ɵнүгүү – стратегиясынын негизги  төмөндөгү принциптерин жетекчиликке алат:

  • коомчулуктун биримдиги
  • социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү оң тенденцияларды сактап калуу
  • ички ресурстарды мобилизациялоо
  • интеллектуалдык, башкаруучулук жана жеке адеп сапаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, иш алып баруу
  • бардык тармактардын учурдагы ал-абалына баа берүү;
  • тармактардын өнүгүүсүндө кездешкен негизги проблемаларды аныктоо;
  • тармактардын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын белгилөө жана өнүктүрүнүн стратегиясын аныктоо.
  • инвестиция тартуу менен айылдын экономиксын жогорулатуу.

Бул өнүгүү планы төмөндөгү кызматтарды аткара алат:

  • -жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн саясий инструмент же багыт катары;
  • -аймактын приоритетүү тармактарын инвестициялоо үчүн багыт көрсөтүүчү катары;
  • -тармактардагы приоритетүү багыттарды колдоо үчүн донордук уюмдарга жана инвесторлорго маалымат катары;
  • -жеке сектор үчүн бизнес чөйрөнү прогноздоп, келечектүү жана натыйжалуу багытты тандай билүүнү камсыз кылуучу документ катары;
  • -жергиликтүү калкка жергиликтүү бийлик органдарынын экономикалык саясатты жүргүзүүдөгү ролу жөнүндө.

Жан-Булак айылы тууралуу жалпы маалымат

Жан-Булак айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусу Нарын районундагы айыл. 1936-жылы Жан-Булак Мээнеткеч, Кызыл Үңкүр, Жалгыз-Тал, Төш-Булак кыштактарынын негизинде түзүлгөн. Кара-Тоо менен Ала-Мышык тоосунун кошулган жеринде, Нарын дарыясынын сол жээгинде жайгашкан.

Достук айылы тууралуу жалпы маалымат

Достук айылдык аймагы 1993-жылга чейин Нарын шаарынын карамагында поселкалык кеңеш болуп келген. 1993-жылы Союз тарагандан тартып, өзүнчө поселкалык кенеш   болуп   бөлүнгөн.   Кыргыз   Республикасынын   ϴкмөтүнүн  Токтомунун негизинде 2012-жылы айыл өкмөт статусун алган. Достук айыл аймагы Нарын шаарынын күн батыш тарабынан 35 км аралыкта жайгашкан. Күн чыгыш тарабынан Жан-Булак айыл аймагы менен чектешсе күн батыш тарабынан Учкун айыл аймагы менен чектеш. Дениз денгээлинен 1990 метр бийиктикте жайгашкан. Жакынкы темир жолго чейинки аралык 227 км. Климаты континенталдык, жайы салкын, кышы өтө суук. Кыш мезгили 6-7 айга чейин созулат

 

 

Административдик  жайгашканы

Жан-Булак айылынын Республиканын борборунан алыстыгы- 316, Достук айылы 331 чакырымды түзөт, ал эми облус борборуна чейинки аралык Жан-Булак айылы-25, Достук айылы- 35 чакырым. Ошол эле учурда эң жакынкы темир жолго чейинки аралык 203, Достук 218 чакырым болсо, деңиз деңгээлинен 1900-1950 м бийиктикте турат.

Айылдын  инфраструктурасы

          Жан-Булак айылынын жалпы калкынын  саны – 2564  адам, кожолуктун  саны – 432 түтүн.  Жалпы  жер  аянттары – 1916 га, жайыт 42156  га, Быйылкы жылга малдын  саны : уй  2916  баш, кой  14493  баш,  эчки  1729  баш,  жылкы 2234  баш,  үй  канаттуулары  2689 баш,  болду . Жан – Булак   айылында  1  орто  мектеп, 1  маданият  үйү, 1  бала  бакча, 1  китепкана, 1 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобу,  1 почта,  1  мечит, 1 эс  алуу  паркы, 2 тегирмен, 1 спорт ордосу ,  1 ветеринардык клиника , 2 мончо , 5 дүкѳнүбүз  бар. Айылда  2010 – жылы «О»  компаниясы, «Билайн» компаниясы  өзүнүн   Сигнал  кабылдаткычтарынын   уюлдук  байланыштарынын  антенналарын  орноткон. Айыл  өкмөтүндө  «Yлгү», «Жийде  – Бак» үрөнчүлүк   чарбалар,  «Загыра» жана «Жекшенбек – ата» , «Талгат » техникалык  кызмат  көрсөтүүчү  менчик  чакан  техсервистер уюштурулуп кызмат кɵрсɵтүп  келүүдɵ. Ошондой  эле   элди  сугат  суу  менен  камсыз  кылуу  үчүн «Кызыл – Зоо – Достук»  суу  пайдалануучулар  ассоциациасы өз  кызматын  тартуулап  келет.    

         Достук айылынын жалпы калкынын саны – 829 адам, кожолуктун саны – 161түтүн. Быйылкы жылга малдын саны: 527 уй, 3444 кой, 528 эчки, 350 жылкы,1024 уй канаттуулары  Достук айылында 1 орто мектеп, 1 маданият  үйү, 1 бала  бакча, 1  китепкана, 1 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобу, 1 мечит, 1 эс  алуу  паркы, 1тегирмен, 5 дүкѳнү  бар.        

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                             Дотациянын денгээли

2023-жылы Жан – Булак айыл =кмөтүндө дотациянын денгээли
2023-жылдын 12 айына 89,2%ти тузду.


2023-жыл дотациянын денгээли 2022-жылга салыштырмалуу 44,8% жогорулады. Себеби АТР дин алкагында 10 миллион сом кошумча тушту.Кошумча тушкон 10 миллион болбогондо дотациянын денгээли  22,9 % ти тузуп 2022-жылга салыштырмалуу 21,5 % т=мөндөмөк.

 

 

 

 

 

 

 

 

Жан-Булак айылына тартылган инвестициялар:

Аталышы Ким тарабынан каржыланып жатат Тартылган сумма Аткарылышы  
1 Жан-Булак айыл аймаында АРИС долбоорунун негизинде 105млн сомго таза суу тартылды КР Министрлер кабинети тарабынан акча каражаты болунуп АРИС долбоору аркылуу ишке ашты 105млн 95%  
2 Кызыл сызыктар такталып, кочолорго шагыл тогулду АРИС долбоорунун негизинде 875мин сом 100%  
3 Ак-Кыя участкасындагы асфальтный-бетонный завод Жеке ишкер 100%  
4 Кызыл-Зоо-Достук суу каналын ондоо Райондук онуктуруу фонд 1млн сом акча каражаты болунгон, анын ичинен 499мин сом пайдаланылды 45%  
5 КРнын Президентинин 85-жарлыгынын негизинде Жан-Булак айыл аймагына 1млн сом акча каражаты болунгон Мамлекет тарабынан 10млн сом 100%  
6 КРнын Президети тарабынан Нива автоунасы берилди Мамлекет тарабынан 1млн сом 100%  
7 Жарыктандыруу Райондук онуктуруу фонд жана жергиликтуу бюджет 260000сом

918000сом

Материалдар 100% алыныр келинди  
8 А.Жутакеев мектебине жана ФАПка санузел киргизуу АРИСтарабынан 550000сом 100%
9 Жан-Булак айылына 82 трактор алып келуу Арис тарабынан 3млн800 Тендерден утуп алынган, январь айында келет
10 Достук мектебинин терезелерин алмаштыруу Арис тарабынан 2млн200 Акчасы которулуп, иштер журуп жатат
11 Жан-Булак айылына мечит салуу Катар олкосу 100%
12 Алыскы жайлоолорго Раскол салуу Райондук онуктуруу фонд.

Оздук салым

125000сом

Проектсине жергиликтуу бюджеттен 200000сом

Оздук салым 550000сом

100%
13 Достук айылынын Шералиев китепканасынын ремонту Жергиликтуу бюджет 6240000сом 100%
14 Достук айылын 700м Ак-Суусуна труба алуу Жергиликтуу бюджет 818424сом Акчасы которулган, январь айында бутот

 

 

 

 

 

Жан-Булак айыл аймагынын 2024 -жылга карата аткарууга алынган планы

Долбоордун аталышы Айылдын аталышы мөөнөтү Жалпы наркы Демѳѳрчүлѳр тарабынан Өздүк салым Каржылоо
2 Жан-Булак айыл аймагын 100 пайыз таза суу менен камсыздоо Жан-Булак 2024-жыл 103 092 000  сом 103 092 000  сом АРИС долбоору
  Ички каналдарды оңдоо Жан-Булак 2024-жыл 2 300 000 сом 1000000 сом 1 300 000 сом Нарын райондук өнүктүрүү фонду жана Айыл тургундары
4 Көчөлөрдү жарыктандыруу Жан-Булак 2024-жыл 1 315 142 сом 240 000 сом 1 075 142 сом Нарын райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджет
5 Балдар ойноочу аянча куруу Жан-Булак 2024-жыл Донор табуу
6 Жан-Булак айыл аймагына асфальт завод куруу Жан-Булак 2024 -жыл Республикалык бюджет Донор табуу
8 Муниципалдык ишкананын ишин мындан ары да оркундотуу, ишин улап кетууго оболго тузуу Жан-Булак 2024-жыл 713-токтомдун негизинде айыл өкмөт тарабынан
9 Бала бакча куруу Жан-Булак 2024-жыл Донорлор тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен
10 Муниципиалдык мончо куруу Жан-Булак 2024-жыл Донорлор тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен
11 Туризимди өнүктүрүү Жан-Булак 2024-жыл Жеке ишкерлер менен биргеликте иш алып баруу
14 Кара –Тоо участкасына суу тартуу Жан-Булак 2024-жыл Донорлор тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен
15 Т.Мамырканов жана Ынтымак кочолорундогу электр мамычаларынын эскилиги жеткендигине байланыштуу алмаштыруу Жан- Булак 2024-жыл       Донорлор тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен

 

Достук айылынын  2024-жылга карата аткарылууга кабыл алынган  планы

Долбоордун

аталышы

Айылдын

аталышы

Мөөнөтү Жалпы

наркы

Демөөрчүлөр тарабынан Өздүк салым Каржылоо
 
 
3 Достук айылындагы спорт аянтчасын бүткѳрүү Достук 2024-жыл 1 000 000сом 1 000 000 сом Донор табуу  
4 Эс алууга ыйгайланылган сквер куруу Достук 2024-жыл 1 000 000 сом 1 000 000 сом Донор табуу  
5 Көчөлөрдү жарыктандыруу Достук 2024-жыл 800 000 сом 500 000 сом 300 000 сом Донорлор тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен  
 
7 Айылдын көчөлөрүнө тротуар салуу Достук 2024-ж Донорлор тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен  
 
 
10  Күрѳш зал куруу Достук 2024-ж ө ө ө Донор издѳѳ  
12 Мурдагы таза суу резуарынын айланасын тосуу Достук 2024-жыл ө ө ө Донорлор тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен  
13 “Ак-Суу” суу түтүктөрүн алмаштыруу Достук 2024-жыл 900 000 сом 200 000 сом 700 000 сом Донорлор тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен  
15 “Энергетиктер шаарчасы”долбоорун ишке ашыруу Достук 2024-жыл       Донорлор тарабынан жергиликтүү бюджеттен  
16 Достук айылындагы кесиптик лицейге тиешелуу жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүү Достук 2024-жыл          

 

Жан-Булак айыл аймагын 100 пайыз таза суу менен камсыз кылуудагы иш чаралар

Жан-Булак айыл аймагында  тартылып келген суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип калгандыгынан сөз баштоо туура болсо керек, себеби, бүгүнкү күндө калкты таза суу менен камсыз кылып жаткан түтүктөр 1970-жылдардан бери жаңыртыла элек. Бузулган жерлерин колдон келишинче оңдо түздөп, пайлаланып келүүдөбүз. Бул эле эмес таза суу 73метр тереңдиктен чыккандыгына байланыштуу суу өз агымы (самотек) менен жете албайт. Ага байланыштуу атайын насостор орнотулуп, резервуарга суу толтуруп элге таратылат. Жергиликтүү элге суу 3 саатка кана жетиштүү, анкени насостор тынымы жок иштесе бат эле иштен чыгып калаары белгилүү.  Жыл сайын элдин санынын өсүүсү менен Жан-Булак , Достук  айылдарында жаңы конуштар чоңое баштады, бул жаңы конуштар таза суу көйгөйүн тартышууда. Жан-Булак айыл өкмөтү өзүнүн алдына койгон эң бир приоритеттүү маселе катары 2023-2024-жылдар аралыгында Жан-Булак айыл аймагын 100 пайыз таза суу менен камсыз кылуу. 2022-жылдын аягы менен АРИС долбоору аркылуу Жан-Булак айыл аймагын таза суу менене 100% камсыз кылуу планы биринчи болуп ишке ашып, жалпы наркы 103092,8 мин сомдук проект ишке кирди. Буюрса 2024-жылы  айыл эли таза суу менен камсыз болот.

 

                        

 

Жан-Булак айыл аймагынын  2024-жылга  өнүгүү планы

 

Милдеттер

 

Көрүлүүчү чаралар

 

Күтүлгѳн жыйынтык

Аткаруу мѳѳнѳтү Аткарууга жооптуулар
       
1.     ИНФРАСТРУКТУРА
1.1 Жолдордун техникалык абалын жакшыртуу

 

 

Айыл ичиндеги  кѳчѳлѳргѳ шагыл тѳктүрүү аракеттерин кѳрүү, жеке тургундардан демѳѳрчүлѳрдү издѳѳ жана бюджеттен кароо

Нарын  Жан-Булак жол каттамынын калктуу конуштарындагы жол белгилерин жана жол коопсуздугуна коркунуч туудурган айрым участкаларга  ДЭП №8 мекемеси менен биргеликте оңдоо. Ички жолдорду ремонттоо (мүмкүнчүлүккө жараша асфальттоо) . Баласт шагылын төгүү. Жол белгилерин кою. Жолдун тазалыгын камсыз кылуу

Жол каттамы жакшырат, талаачылык иштерин жүргүзүүгѳ шарт түзүлѳт.

Ичи жолдорго багыттоочу белгилер орнотулат, жол каттамынын даректүүлүгү такталат.

-Айылдын жашоочулары учун жолдо жүрүүгө ынгайлуу шарт түзүлөт;

–  Жол четинде жашаган эл үчүн ден-соолугуна зыян чандар, транспорттун ызы-чуусу азайат;

–    Жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү коопсуздугу жакшырат;

 

 

2024-жыл

 

 

 

 

Айыл ѳкмѳт,

Бөлүм башчы, Айылдык кеңештин депутаттарыө

1.2 Айылдардын ички жолдорун кѳчѳлѳрдү жана жеке турак жайларды ген пландын негизинде ѳнүктүрүү Айылдардын ичине  кѳчѳ штакетниктерин салдыруу ,түнкү чырактарды орнотуу, үйлѳрүнүн документи жокторду документтештирүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү. Жан-Булак жана Достук   айылдарына кѳчѳ штакетниктер демѳѳрчүлѳр жана тургундардын колдоосу менен ишке ашырылат. 2024-жыл Айыл ѳкмѳт,

Бөлүм башчы, Айылдык кеңештин депутаттары

1.3 Социалдык имараттарды капиталдык ондоодон ѳткѳрүү Айылдардагы мектептерди, бала бакчаларды , спорт комплекстерди, Клубдарды жана айыл өкмөттүн имараттарын капиталдык ремонтон өткөрүү  жана Достук айылына спорт комплекс куруу. Жергиликтүү бюджеттен жана  долбоор даярдап, ѳткѳрүү, долбоорго керектүү ПСД, АПУ, ИТУ ларга бюджеттен акча каражатын кароо. 2024-жыл Айыл ѳкмѳт, Айылдык кенештин депутаттары
1.4 Айыл аймактын айылдарына  саркынды сууларды тазалоочу жайын куруу жана курулган жайды капиталдык ремонттон ɵткɵрүү Саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу жана капиталдык ремонттон өткөрүү  боюнча проектик

сметалык документтерди

даярдоо

Жергиликтүү бюджеттен жана  долбоор даярдап, ѳткѳрүү, долбоорго керектүү ПСД, АПУ, ИТУ ларга бюджеттен акча каражатын кароо. 2024-ж Айыл ѳкмѳт, Айылдык кенештин депутаттары
1.5 Айылдарга трансформатор коюу электр карагайларын жана чубалгыларын кою жана оңдоо Айыл аймак тарабынан Тянь-Шань  РЭТ не сунуш берүү .

 

 

Абоненттер электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу

 

2024-ж Айыл ѳкмѳт Тянь-Шань  РЭТ .
1,6 Айылдын сыртындагы таштанды таштоочу жайды уюштуруу, четин тосуу Айыл аймактын эки айылына бир таштанды жай бар.Таштанды таштоочу жайдын четин атайын цемент тосмо менен тосуу Айыл ичиндеги санитардык- гигиеналык нормалар сакталып, айыл эли таштандыдан арылат. 2024- Айыл ѳкмѳт,Болум башчы
1.7 Жайыттардын инфраструктурасын оңдоо, кѳпүрѳѳ салуу, жолдоруна шагыл тѳшѳѳ. Жайыт комитети менен биргеликте иш алып баруу менен алыскы жайлоолордун инфраструктурасын ондоого комок корсотуу Мал багуучулардын жана жайыт пайдалануучуларга жакшы шарт түзүлѳт 2024-жыл  Айыл ѳкмѳтү, Айылдык кенештин депутаттары, “Эделвейс” муниципалдык ишканасы
1.9 ФАП куруу Жан-Булак айылында жеке демѳѳрчүлѳр аркылуу айыл ичине ФАП куруу, буга атайын айыл ичинен жер бѳлүп берүү жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жана Достук айылындагы ФАПты демоорчулорду таап капиталдык ремонттон өткөрүү

 

 

Үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун ишинин натыйжалуулугун арттыруу жана элдин ден-соолугуна кам кѳрүү максатында 2024-ж Айыл ѳкмѳт, Айылдык кенештин депутаттары
2.     АЙЫЛ-ЧАРБА
2.1 Элди сорттуу үрѳѳн менен камсыз кылуу Айыл аймагындагы “Улгү ”, “Жийде-Бак”үрѳн чарбалары менен арпа буудайдын биринчи репродукциядагы  үрѳѳнү менен камсыздоо. Айыл элин сапаттуу үрѳн менен жердин географиялык  шартына ылайык үрѳндѳр ѳстүрүлѳт. Жыл сайын Айыл ѳкмѳт,айыл чарба адиси,жайыт комитети.
2.1.1 Сандан сапатка отуу, айыл чарба жана мал чарба тармагы Айыл элин сенаж, силос  менен камсыз кылуу Айыл элин сапаттуу үрѳн менен жердин географиялык  шартына ылайык үрѳндѳр ѳстүрүлѳт Жыл сайын  
2.2 Лизинг аркылуу айыл чарба техникаларын  алууга банктын ѳкүлдѳрү менен отурумдарды ѳткѳрүү жана маалымат берүү Айыл аймагынын тургундарына окутуу  иштерин уюштуруу. Айыл чарба техникаларынын базасын чындоого мүмкүнчүлүк түзүлѳт жана дыйкандарга кызмат кѳрсѳтүү жакшырат. 2024-ж Айыл ѳкмѳт, бѳлүм башчы, жер адиси
2.3 Муниципиалдык гараж

 

Айыл тургуну Эшимбеков Алязкар  озунун жеке менчик жерин муниципиалдыек гараж кылганга  берип жатат. МИ тарабынан иш-чаралар уюштурулуп, келген техниканын бардыгы ошол гаражда болот.

 

Айыл чарба техникаларынын базасын чындоого мүмкүнчүлүк түзүлѳт жана дыйкандарга кызмат кѳрсѳтүү жакшырат. Ошондой элек муниципалдык ишкананын иши жакшырат. Жыл ичинде Айыл ѳкмѳт,айыл чарба адиси,жайыт комитети
2.4 Кара-Тоо участкасына суу тартуу

 

Проектиси тузулуп, спонсорлор изделуудо

 

Айыл аймагындагы мал багуучулардын мал багуу шарты онолот Жыл ичинде Айыл ѳкмѳт,айыл чарба адиси,жайыт комитети
2.5 Элге жерди айдоо эрежелери боюнча туура,такмаалыматтарды ѳз учурунда берип туруу. Органикалык жерсемирткичтерди даярдоо жана колдоонуу боюнча маалыматты маалымат такчалар аркылуу жарандарга

жеткизүү

Дыйкандарга айыл чарба ѳсүмдүктѳрүн ѳстүрүүгѳ жана практикалык иштерди ѳткѳрүүгѳ атайын адистер менен семинар практикалык иштерди ѳтүү. Органикалык жер семиртичтерди даярдоо жана колдонуу боюнча маалымат табуу Органикалык жер семиртичтерди даярдоо боюнча маалыматтакчалар аркылуу жарандарга берүү

 

Жерди химиялык каражатсыз ѳздѳштүрүүнү жана которуп айдоону жердин асылдуулугуна ынгайлаштырып ѳздѳштүрүнү окутулат. Жыл сайын Айыл ѳкмѳт.

 

2.6 Айдоо аянттарына сугат суусун жеткирүү Муниципалдык ишканасынын алдындагы Кызыл-Зоо –Достук жана УОС мекемелери менен биргеликте суу баскан аянтты ѳз мѳѳнѳтүндѳ суу менен камсыз кылуу. Белгиленген графиктин негизинде сугат суусун кѳзѳмѳлдѳп туруу.Айыл аймагындагы ички канал,арыктарды жаз айларында ондоп тазалоо , суу бѳлүштүрүүчү затворлорду жаныртуу иштерин айыл тургундары менен бирдикте ишембиликтериди ѳткѳрүү. Ички каналдарды ондоп түзѳѳ, капиталдык ремонттон ѳткѳрүү Айдоо жерлеринин сугат суулары кѳзѳмѳлдѳнүп, ирээтке келип,айыл эли ѳз учурунда сугат суу менен камсыз болот. Жыл сайын. Айыл ѳкмѳт,жер адис,Кызыл-Зоо-Достук СПА башчысы,
2.7 Малдын асылдуулугун кѳтѳрүү Айылга жасалма куут пунктун иштетүү Жан-Булак  айылындагы багылып жаткан уйларды жасалма жол менен уруктандыруу иштерин жүргүзүү менен айыл аймагына сүт ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында күрѳн-швинц жана симментал породадагы уйларды жайылтуу.Жарандарга жасалма уруктандыруу малдын асылдуулугун жогору боюнча маалымат берүү менен жеткизүү Ири мүйүздүү малдын сапаты жогорулап жыл ичинде 50 – баш  асыл тукум багытындагы тѳл алынат. 2024-ж Айыл башчылар, башкы адис ,жеке вет сервистер.
2.8 Малдарды вакцинациялоо Айыл аймагындагы  жугуштуу ооруларды алдына алуу үчүн ѳз мѳѳнѳтүндѳ ваксинациялоо жүргүзүү : Ири мүйүздүү малга эмдѳѳ . Шарп,Кара сан,Штамм 19 ж.б.Майда жандыка : РЕВ-1,чумага ваксинациядан ѳткѳрүү жана купкага салуу.

Ит,мышыка кутурмага жана эхинококкоз ыланына каршы дарылоо жана жолбун иттерди аттыруу.

Мал жандыктардын саламаттыгы жакшырат, жолбун ит-мышыктар азаят.

 

 

жылдын жаз-күз айларында

 

Мал чарбасы бонча башкы адис,вет сервис.
2.9 Бодо малдарды идентификациялоо Айылдын жеке ветеринарлары менен биргеликте ири мүйүздүү

малдарды биркалоо

Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Баардык ири мүйүздүү малдар идентицикациядан ѳткѳрүлүп бирка тагылат.Жалпы базага киргизилип,офтаризация болуп чыгышталып турат. 2024-жыл Айыл ѳкмѳт,айыл чарбасы боюнча башкы адис, жеке вет сервистер.
2.10 Мал санакты уюштуруу Малдын санын так тактоо менен жайыттарга туура бѳлүштүрүү

 

Малдын саны такталып,жайытты пайдалануу жана мамлекет  тарабынан келүүчү дары дармеке так маалымат берилет, тоют камдоо иштерине даярдык кѳрүлѳт. 2024жыл

 

Атайын түзүлгѳн комиссия
2.11 “Беккар” чункурун куруу Жан-Булак  айылына  яма беккари чункуру курулат Айыл аймагынын эпизотиялык абалы туруктуу кармалат,мал тарабынан жугуучу оорулар азаят. 2024-жыл

 

Айыл ѳкмѳт,башкы адис,,жеке, вет сервис.
2.12  Жан-Булак айылынын тундук чыгыш тарабындагы Нарын суунун жээгиндеги эрозияга учураган жарды коопсуз абалга келтируу учун  иш аракеттерди кору. Узундугу- 500 метр
бийик жери- 18 метр
Айылдагы кооптуу жайларга карата иш алынып барылат 2024- жыл ичи Айыл ѳкмѳт,башкы адис, тиешелуу мекемелер менен биргеликте
           
3.     СОЦИАЛДЫК ТАРМАК
3.1 Жан-Булак   айылына жаштар үчүн сейил бак куруу Жан-Булак   айылына жаштар үчүн атайын сейил бак(сквер),  жеке демѳѳрчүлѳр аркылуу ПСД, АПУ ,ИТУ докуметтери бүтүрүлөт. Проект айылыбыздын атактуу атуулу Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин үй бүлѳсү, бир туугандары  аркылуу ишке ашырылат, агенттик тараптан Жалпы наркы 1431750сом 2024-ж

 

Айыл ѳкмѳт,бѳлүм башчы
3.2 Достук айылына “Энергетиктер шаарчасы” долбоорун ишке ашыруу

 

Айыл инфраструктурасын ондоого атайын долбоорлор жазылып, тиешелуу фонддорго сунуштоо “Тенир-Тоо фонду”, райондук онуктуруу фонду жана энергетика министрлиги

 

2024-ж Айыл ѳкмѳт, Айылдык кенештин депутаттары
3.3 Достук айылына сейил бак куруу Жан-Булак   айылына жаштар үчүн атайын сейил бак(сквер),  жеке демѳѳрчүлѳр аркылуу ПСД, АПУ ,ИТУ докуметтери бүтүрүлөт. Жер болуп беруу. 2024-ж

 

Айыл ѳкмѳт, Айылдык кенештин депутаттары
3.4 Жан-Булак айылына балдар ойноочу аянтча курулат Жан-Булак айылына бардык шарттары туура келген кенже балдар ойноочу балдар аянтчасын куруу, айылдын 5 жерине демѳѳрчүлѳрдүн жардамы менен жана ѳнүктүрүү фонддорго долбоор жазылат Талапка ылайык шарттары менен, балдардын саламаттыгын жакшыртуучу, заманбап балдар аянтчасын донорлордун жардамы менен куруу 2024-жыл Айыл өкмөт башчысы Айылдык кенештин депутаттары
3.5 Достук айылына балдар ойноочу аянтча курулат Жан-Булак айылына бардык шарттары туура келген кенже балдар ойноочу балдар аянтчасын куруу, айылдын 2 жерине демѳѳрчүлѳрдүн жардамы менен жана ѳнүктүрүү фонддорго долбоор жазылат Талапка ылайык шарттары менен, балдардын саламаттыгын жакшыртуучу, заманбап балдар аянтчасын донорлордун жардамы менен куруу 2024-жыл Айыл өкмөт башчысы Айылдык кенештин депутаттары
3.6

 

 

Жан-Булак айылындагы   таза суу системасын киргизүү АРИС долбоору аркылуу Жан-Булак  айылын таза суу  менен камсыз кылуу Таза суу системасы курулат. Доолбоор  АРИС долбоору аркылуу каржыланат

 

2024-жыл

 

Айыл ѳкмѳт,

 

3.7 Достук айылындагы   таза суу системасын киргизүү “Дастан” фирмасы менен түзүлгөн келишимди аягына чыгарып, элди таза суу менен камсыздоо Таза суу системасы курулат. 2024-жыл

 

Айыл ѳкмѳт
3.8

 

Социалдык мекемелерге кѳмүр тартуу

 

Мектеп бала бакчаларга кѳмүр тартууда тендерлерди кечиктирбестен ѳткѳрүү.

Мектеп бала бакчаларга мѳѳнѳтүнѳн кечиктирбестен кѳмүр тартуу.

Социалдык мекемелеринин кѳмүр кампаларын даярдоо ремонттон ѳткѳрүү, электр чынжырларын техникалык талапка ылайык келтирүү.

Электр энергиясын үнѳмдүү колдонуу

Кѳмүр отуну ѳз учурунда тартылат. Кѳмүр сактоочу кампалар экология жана техникалык  талаптарга ылайык иш алып барат.

Электр энергиясы үнѳмдүү пайдаланат.

 

Жыл сайын Айыл ѳкмѳт, бѳлүм башчы.
3.9 Калктын аярлуу катмарына колдоо кѳрсѳтүү Социалдык колдоого муктаж болгон 20 үй бүлѳгѳ жылда жашоо шартын жакшыртуу аркеттерин кѳрүү максатында айыл ѳкмѳттүн бюджетинен да акча каражатын бѳлүп берүү (а/ѳ колдоого алуу, колунда бар үй бүлѳлѳргѳ бекитүү жана жумуш менен камсыз кылуу аракетин кѳрүү) Жумушу жоктор жана жакыр үй-бүлѳлѳрдү жумушка тартуу . Ар бир айылдан багаар-кѳрѳѳрү жок, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлѳлѳргѳ жардам берилет.

 

2024-ж Айыл ѳкмѳт,бѳлүм башчы, соц адис,айыл башчылар.
3.10 Улуу Ата Мекендик согуштун, ардагерлеринин социалдык-тиричилик жактан жашоо шартын жакшытртуу боюнча.иш чаралар Ооруктун ардагерлерине, катышуучулары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана демѳѳрчүлүк жардамдарды тартуу менен кошумча материалдык колдоо кѳрсѳтүү (Демѳѳрчү табуу) Ардагерлерге даректик жардам кѳрсѳтүлѳт. Ар бир жылы Айыл ѳкмѳт,бѳлүм башчы, соц адис,айыл башчылар.
3.11 Даталуу күндѳрдү уюштуруу. Балдар күнү, Афган,Баткен,
7-апрель  когаландарынын катышуучуларына , майыптар күнү, калылар күнү, энелер күнү ж.б. күндѳргѳ акча каражатын табуу, демѳѳрчүлѳр менен биргеликте иш чара уюштуруу.
Даректүү жардамдар кѳрсѳтүлѳт. Ар бир жыл

ичинде

Айыл ѳкмѳт,бѳлүм башчы, соц адис.
3.12 Зордук –зомбулукту алдына алуу Калктын аярлуу катмарынын укугун коргоодо Эне –балага,жашы жете элек ѳспүрүмдѳргѳ,жашы жете элек кыздарды эрте никеге тургузуу,ѳспүрүмдѳр арасындагы кылмыштуулук,мектеп рекетчилиги,үй-бүлѳдѳгү зордук зомбулукту алдына алуу иш чараларын уюштуруу. Коомчулукта болуп жаткан терс кѳрүнүштѳргѳ жалпы тургундарды бирдиктүү иш алып барууга үндѳѳ жана окуу тренинг,тегерек столдорду ѳткѳрүү аркылуу коомчулука маалымат жеткирүү иштери уюштурулат. Жыл сайын Айыл ѳкмѳт,бѳлүм башчы, соц адис..
3.13 Медико-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу, медициналык тейлѳѳнүн эффективдүүлүгүн арттыруу

 

Калкка медициналык тейлѳѳ ишинин үзгүлтүксүз жүрүшү, балдардын, энелердин ѳлүмүнүн кѳрсѳткүчтѳрүн кыскарышы, улгайган адамдардын кан басым, жүрѳк оорулары, нерв ооруларынын ж.б. санын кыскартуу

Атайын учетто турган айылдын туберкулез менен ооруган беш жаранга жергиликтүү бюджеттен даректүү жардам кѳрсѳтүү.

Жан-Булак айылындагы К.Маатказиева атындагы ФАП ка врач алып келүүгѳ сүйлѳшүлѳрдү жүргүзөт

 

жыл сайын

 

 

 

 

Айыл ѳкмѳт,бѳлүм башчы, соц адис.
3.14  Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин,

айылдык Кенештин депутаттарын,

жарандык коомдун лидерлерин билим денгээлин көтөрүү

максатында атайын курстардан өткөрүү

•   Жергиликтүү бюджет,

муниципалдык менчик,

жергиликтүү ресурстар

жана башка темадагы

курстардан өткөрүү

•    Жарандар менен

маалымат алмашуу

боюнча стенддерди

жаныртып туруу

Жыл сайын Айыл ѳкмѳт
3.15 Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Билимин жогорулатуучу курстан жылына 10 мугалимди ѳткѳрүү Билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, профессионалдык кѳз карашта иштѳѳгѳ, жаны инновацияларды колдонуп сабак ѳтүүгѳ шарт түзүлѳт Ар жыл сайын Айыл ѳкмѳт,мектеп жетекчилиги.
3.16 Спорт жана дене-тарбия тармагын ѳнүктүрүү. «Нооруз», «Эгемендүүлүк»,Түшүм майрамдарын ѳткѳрүү күндѳрүндѳ Кыргыздын улуттук каада салттарын коштоо менен ат оюндарынын мелдешин уюштуруу,улуттук оюндарды жакшыртуу максатында айылдарда план боюнча команда түзүү, ордо, кѳк бѳрү боюнча мелдештерди ѳткѳрүү демѳѳрчүлѳрдүн негизинде. 10-жылдык жана 20-жылдык бүтүрүүчүлѳрдүн жана жеке демѳѳрчүлѳр тарабынан.

Спорт тармагынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, сергек жашоого үндѳѳгѳ багытталган спорттук иш чараларды ѳтүү уюштурулат.

2024-жыл ичинде

 

 

 

 

 

 

Айыл ѳкмѳт,соц адис ,маданият кызматкерлери.
3.17 Мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү Клубдар, китепканалар, мектептер, бала-бакчаларда семинарларды ѳткѳрүү, мектептерде ачык сабактарды, кароо-сынактарды уюштуруп ѳткѳрүү, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу. Аймакта улуттун баалуулуктары сакталып мамлекеттик тил саясаты максаттуу жүзѳгѳ ашырылат. мамлекеттик тилге байланыштуу жеке жана коллективдүү илимий эмгектерди чагылдыруу Ар жыл сайын Айыл ѳкмѳт,соц адис ,маданият кызматкерлери.
3.18 Маданият жана искуство мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу.

Маданият үйүнүн имаратын учурдагы ондоодлон ѳткѳрүү

Маданият кызматкерлерине, «Шайыр апалар»дын мүчѳлѳрүнѳ форма тиктирүү

Клубдарда, китепканалардын материалдык-техникалык базаларын чындоо (жаны китепкана утурумдук ремонтторду ѳткѳрүү)

 

Демѳѳрчүлѳр тарабынан, китепканалардын китеп фондусун кѳбѳйтүүгѳ 50 мин сомго китеп алып берүү . Бюддеттин эсебинен акча каражаты каралып “Шайыр апа”ларга атайын форма тиктирип берүү жана маданият үйүн учурдагы ремонттон ѳткѳрүү, кире беришине пандус орнотуу

Маданий мекемелердин иштеринде иш сапаты жогорулайт жана иш чараларды тиешелүү денгээлде ѳткѳрүүгѳ шарт түзүлѳт.

Бекитилген маданий иш чаралар ѳз убагында ѳткѳрүлѳт. Маданият кызматкерлеринин иштѳѳсүнѳ шарт түзүлѳт

2024-жыл

 

 

 

Айыл ѳкмѳт,соц адис ,маданият кызматкерлери.
4.     ЭКОЛОГИЯ
4.1

 

Жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү боюнча иш алып баруу

Айылдын ичине бак отургузуу

Айылдарды кѳрктѳндүрүү

Айылдын ичин ирээтке келтирүү

Ар жылдын I-II- квартал ичинде  айыл аймактын мекеме иш каналарында  ишенбиликтерди жуманын ар бир алтынчы күнү жана жергиликтүү тургундар менен үч айлыктын алкагында жалпы тазалык күндѳрүн  ѳткѳрүп туруу.

 

Калктуу конуштардын санитардык жана экологиялык абалын жакшырат.

Кѳчѳлѳр кѳрккѳ келет.

Айылдын кѳркү онолот

 

2024-жыл

 

 

 

 

 

 

Айыл ѳкмѳт, “Эделвейс ”муниципалдык ишканасы.
4.2 Жайкы жайлоо туризимин ѳнүктрүү. Деги эле туризм тармагына кобуроок конул буруу жана туризм тармагын онуктуруу Айыл аймагындагы жайлоо туризимин кенейтүү.

 

Айыл аймагында туристердин келүүсүнѳ шарттарды түзүү менен айыл аймагындагы ѳндүрүлгѳн тамак аш продукцияларын ѳткѳрүгѳ шарт түзүлѳт.

 

2024-жыл Айыл ѳкмѳт,соц адис,маданият кызматкерлери.
4.3 Таштанды тѳгүүчү жайларды ирээтке келтирүү. Жан_булак айыл аймагындагы  ТЭЭк участогундагы  таштанды таштоочу жайларды коруу менен ирээтке келтирүү.

 

 

Экофонд уюштурулат 2024-жыл

 

 

Айыл ѳкмѳт, жер адис.
5.     ИШКЕРДҮҮЛҮК
5.1 Жаштардын облустун коомдук иштерине катышуусунда активдүүлүгүн күчѳтүү Айылдын жаштар уюмдарынын ѳкүлдѳрүн жаштар борборлору менен биргеликте түзүлгѳн иш-чаралар планын аткаруу

Ишкерлерди табуу, жаштар коомун түзүү, жаштарды кѳтѳрүү менен социалдык маселелерди чечүү

Коомдук эмес уюмдар менен жаштардын активдүү жашоого умтулуусу аркылуу коомго пайдалуу иштер менен алектенүүлѳрү жогорулайт. жыл ичинде Айыл ѳкмѳт,соц адис ,маданият кызматкерлери.
5.2 Жарандарга кесиптик билим алуусуна багыт берүү Жумушсуздарга кесиптик багыт берүү менен кайра кесипке билим берүү курстарында окутуу. Атайын багыттагы техникалык окуу жайларга кесиби жок жарандарга адистик алууга багыт берилет. Ар бир  жыл ичинде Айыл ѳкмѳт,соц адис,айыл башчылар.
5.3  №469 “КР социалдык-экономикалык ѳнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга болжолу жѳнүндѳ» токтомун аткаруу максатында. Расмий түрдѳ катталган жумушсуздардын санын жылына 5 адамга чейин азайтуу; (кичи ишканаларды ачуу менен жумуш орун сунуштоо)

 

Жумушсуздукту азайтууга , элдин жашоо денгээлин кѳтѳрүүгѳ уюштурулган ваканттык жарманкелерге катышууга жарандардын катышуусуна маалымат жеткирилет.Тышкы миграция

 

 

 

Ар бир жылы Айыл ѳкмѳт,соц адис.
6.     БАШКАРУУ
6.1 Жарандарга жеткиликтуу маалымат алмашууну камсыз кылуу, жергиликтүү маселелерди коомдук угуунун негизинде талкуулоо . Мамлекеттик жана эл аралалык, коомдук, уюмдардын колдоосу менен

.

Бийлик менен коомдун ортосундагы байланыш күчѳтүлѳт, жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу укугу ишке ашырылат. 2024-жыл ичинде Айыл ѳкмѳт,коомдук уюмдар, айыл ѳкмѳтүнүн адистери.
6.2

 

Салыктын түрлѳрүн чогултуу

 

Салыктын ар туру боюнча берилген планды аткаруу. Айыл ѳкмѳтүнүн киреше бѳлүгү жогорулап пландалган иштер аткарылат. 2024-жыл

 

Бѳлүм башчы,

салык адиси,

6.3 Айыл аймактын финансалык кѳз карандысыздыгын жогорулатуу 2023-2026-жылга жергиликтүү киреше бѳлүгүн салыктардын эсебинен жогорулатуу жана Респуликадан көз карандылыкты жыл сайын азайтуу Элге өз убагында үшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, салык өз убагында чогултулат. көбүрөөк көнүл ыктыярдуу патент алуучуларга бөлүнөт. 2024-жыл Бѳлүм башчы, салык адиси
6.4 Дотациянын кѳлѳмүн азайтуу Айыл аймагынын дотациясын кѳлѳмүн салыктардын эсебинен жана кичи ишканалардын ачуу менен жылына 2-5 пайызга чейин түшүрүү .Мамлекеттик фондунун пайдаланылбай келген жерлерин пайдалануу. Айыл аймагындагы дотациянын кѳлѳмү  азаят 2024-жыл Бѳлүм башчы,

салык адиси .

6.5 Коррупцияга жана диний экстремизимге каршы күрѳшүү Мамлекеттик органдардын кызмат кѳрсѳтүүсүндѳ коррупциялык иш-аракеттерге бѳгѳт коюу. Коррупцияга жол берүүчү мекеме ишканаларды аныктоо, коорупцияга жол бербѳѳ чараларды кѳрүү (Байкоочу кенеш түзүү) Коррупциялык аракеттерди жоюу 2024-жыл  ичинде Айыл ѳкмѳт,соц адис,маданият кызматкерлери.
6.6

 

Өзгѳчѳ кырдаалдар жана жарандык коргонуу иштерин уюштуруу.

Айыл аймагындагы турак жайларды камсыздандыруу

Айыл аймагындагы кооптуу участкаларга мониторинг жүргүзүү , жарандык коргонуу аракеттерине техникалардын менчик түрүнѳ карабай тартуу ыкчам тобун түзүү, сел каптоочу жайларга алдына алуу иштерин уюштуруу,каналдарды тазалоо жээктерди бекемдѳѳ менен бак дарактарды тигүү, ѳрт коопсуздугун алдына алууга керектүү жабдыктардын запасын даярдоо,ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча жарандык коргонуу ыкчам топторун уюштуруу жана социалдык мекемелерде окутуу иштерин уюштуруу, таза суу түтүгүнѳ ѳрт гидранттарын орнотуу.

Айыл аймагындагы  социалдык обьектилерди жана жеке менчик турак жайларды милдеттүү түрдѳ камсыздандыруу.

Социалдык оьбектилер жана жеке менчик турак жайлар 2023-жылга 108 турак үй камсыздандырылса 2024-жылга 5 социалдык обьект жана 124 турак жай камсыздандырылат. жылдын планы боюнча. Айыл ѳкмѳт, адис,камсыздандыруу боюнча дайыгдалган адис (агент).

 

 

 

Жан-Булак айыл аймагынын башчысы                                                                                      У.Б.Боскунчиев

Leave a Reply