Бүгүн Жан-Булак айыл аймагынын орто мектептеринде бүтүрүүчүлөргө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаттары өткөрүлдү. Салтанатка мектеп окуучулары. Мугалимдер, ата-энелер, район жана мекемелердин, айыл өкмөтунун жетекчилери катышты.
Салтаныттын ачылышын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Жээналиева Жыпара Садыковна ачып, жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларды эмгекчил болууга, кесипти туура тандоого үндөдү.
Бул окуу жылында эки мектеп тен көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Достук орто мектебинин жетекчиси А.Абыкеева демөөрчүлөр менен тыгыз иштешип, мектептин ичиндеги баардык жарык берүүчү лампаларды жана мектептин ичиндеги маалымат такталарды толугу менен жаныртты. Ошондой эле АРИСтин АИД-3 Кошумча каржылоо программасынын негизинде 25 000 доллар акча каражаты бөлүнүп,мектептин терезелери толугу менен алмаштырылып, санузел салынды. Ал эми А.Жутакеев атындагы орто мектептин полдорун жанырту боюнча долбоору Капиталдык салымдар беренесине сунушталып, жалпысы 3 млн сомго жаныртылганы турат. Андан сырткары мектептерде медиаборборлор уюштурулуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатышат.
Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагына тиешелүү Достук жана А.Жутакеев атындагы орто мектептерде баардыгы болуп 625 окуучу билим алат. Бул окуу жылында 11-классты 43 окуучу, 9-классты 67 окуучу аяктады. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында «Акимдин стипендиясына » 1 окуучу талапкер болуп, 9-класстардан 6 окуучу артыкчылык күбөлүккө талапкер болду. Мындан сырткары 2024-2025-окуу жылында 1-класска 54 жаш жеткинчектер кабыл алынат.
Иш-чаралар толугу менен балдардын коопсуздуктарын эске алуу менен өткөрүлдү.