Жан-Булак айыл аймагында Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы белгиленди

Бүгүн 31-август күнү  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Ат-Башы ГЭСинин жалпы жамааты тарабынан чон иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиев, Достук айылынын айыл башчысы катышып, иш-чара  Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик Гимни менен ачылды. Андан ары  жетекчилерге сөз берилип, Ат-Башы ГЭСинин кызматкерлерине Жан-Булак  айыл өкмөтү тарабынан Ыраазычылык каттары тапшырылды.  Иш-чарада «Тушоо кесүү» салты көрсөтүлүп, алдынкы келген байге ээлерине белектер тапшырылып, чүкө, упай, чака чапмай, аркан тартыш оюндары ойнотулду.

Ошондой эле бул куну Жан-Булак айылынын  1987-жылы туулган  уландар тарабынан футбол оюну уюштурулуп, 1 орунду 2004-жылкылар, 2-орунду 1998-жылкылар жана 3-орунду мектептен чыккан курама командалар алып, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты дарбазачы” наамдары ыйгарылып, грамоталар менен бирге акчалай сыйлыктар да тапшырылды.

Leave a Reply