Бул күндү утурлай 6-март күнү Жан-Булак айыл өкмөтү жана Аялдар кенеши биригип 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата Жан-Булак, Достук айылдарындагы 60 жаштан 70 жашка чейинки айымдарга атайын майрамдык иш чара уюштурулуп , сый тамак берилип , чакан концерт уюштурулду.
Майрамдык иш чарада айыл өкмөт башчысы ,жергиликтүү кенештин депутаттары , Аялдар кенеши айымдарды куттуктап , аялзатынын жашоодогу ордун белгилеп, асылзат айымдарга ден-соолук ,бакыт , ийгилик жана жакшы маанай каалап куттуктоо сөздөрүн айтылды.
Ошондой эле айылга эмгеги синген ардактуу асылзат айымдар төш белги , ыраазычылык каттар менен сыйланышты
Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе Жан-Булак айылынын патриот кызы Эгембердиева Фатима Ишеналиевнанын айыл элине кылган зор эмгеги үчүн «Жылдын мыкты »демөөрчүсү наамына ээ болуп , айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.
Жан-Булак айыл өкмөтү .