Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу максатында жана Жан-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык ишембиликтин алкагында Жан-Булак жана Достук айылдарына кеткен сугат суу каналы тазаланып, суу бергенге даярдалды.
Мындан сырткары бөлүнгөн аймактарга мекеме кызматкерлери чыгып, тазалашты.
Достук айылындагы 1 таштанды төгүлгөн жердин тегереги тосулуп, калган таштанды төгүлгөн жерлердеги таштандылар чыгарылды.