Жан-Булак айыл аймагында баардыгы болуп 42 156 гектар жайыт бар. Мал жайылган жайыттардын ролу айыл аймактын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ. Малчылардын айтуусунда, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери жайыттарды туура пайдалануу маселеси арткы планда калып, жакшы көңүл бурулбай калган. Жайыттарды ижарага берүү менен эле жоопкерчиликти түртө салуудан улам, жайыттар каралбай, жолдору бузулуп, малчыларга мал айдоодо бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген.
Мына ушундай көйгөйлүү маселелерден улам Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында ачылгын «Эделвейс» муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жөнүндөгү” №85 сандуу Жарлыгына ылайык берилген 10 млн сом акча каражатына бир нече оор техникалар алынып, ишканага өткөрүлүп берилген. Ошол алынган техникалар бүгүнкү күндө жайыттардын жолдорун ондоого, калкктын муктаждыктарын чечүүдө чон жардамын тийгизүүдө.
Айта кетсек 2024-жылдын 20-июнь күндөрү Эделвейс муниципалдык ишканасы тарабынан айыл аймака тиешелүү болгон Аксай жана Карга жайлоо жайыттарынын 3 км жолу толугу менен түртүлүп, ондоо иштери жүргүзүлдү.