Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан балдар ойноочу аянтча жана айылдык мечит жаштардын демилгеси менен ондоп түзөөдөн өткөрүлдү

2024-жылдын 7-8-август  күндөрү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында балдар ойноочу аянтча  жана айылдык мечит ондоп түзөөдөн өткөрүлдү. Бул иш чараны Достук айылында туулган 1989-1990-жылкы уландар  демилге көтөрүп,өзүлөрү демөөрчү болушту. Айылдагы балдар ойноочу аянтча толугу менен сырдалып, тегереги тосулуп, скамейкалары калыбына келтирилди. Ошону менен бирге эле  айыл өкмөтү тарабынан балдар ойноочу аянчанын жарыктандыруусу коюлган.

Андан сырткары  айылдык мечиттин полу алынып, атайын жылуу пол салынып, үстү стяжкаланган.

Leave a Reply