Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жылдык отчёттук жыйыны өттү.
Бүгүн, 2026-жылдын 19-январында, Жан-Булак айыл аймагында айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчеттук жыйыны болду.
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Н. Мадимаров, Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Ташболотов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, мекеме жетекчилери жана айыл аймактын активдүү тургундары катышты.
Отчеттук жыйынды Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Токторалиев Кубанычбек Мукашович ачып, 2025-жыл ичинде айыл аймагында аткарылган социалдык-экономикалык иштер, инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана айыл чарба багытындагы иш-аракеттер тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле 2026-жылга карата пландалган иштер менен тааныштырып, алдыдагы максаттарга токтолду.
Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары өздөрүн кызыктырган маселелерди көтөрүп, жергиликтүү жана райондук мекеме жетекчилерине түз суроолорун беришти. Негизинен таза суу, электр энергиясы, жол тармагы, пенсиялык фонд (мамлекеттик камсыздандыруу, төгүмдөр, жөлөкпулдар) боюнча суроолор көтөрүлүп, бир да маселе көңүл сыртында калган жок. Бардык суроолорго тиешелүү жооптор берилип, айрым көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Жыйындын соңунда Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Токторалиев Кубанычбек Мукашовичтин 2025-жыл ичинде аткарган иштери айылдык кеңештин депутаттары жана жыйынга катышкан тургундар тарабынан «канаттандырарлык» деп бааланып, отчет бир добуштан кабыл алынды.
Бул жыйын жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы ачык диалогду чыңдоого жана айыл аймактын мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.






