Жайыт жолдору ондоп-түздөө иштери жүрүп чабандар үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө

Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинен «Эдельвейс» муниципалдык ишканага бөлүнгөн субсидиянын акча каражатынын ичинен алгылыктуу жумуштар жасалууда
Жан-Булак айыл аймагынын Эдельвейс муниципалдык ишканасы ички жайыттарга барып, Ара Белдин 1 км жолун, Дарбазанын жолунан 600м жана Тайлактын бейитиндеги кыя жолдун 400м жолун ондоп түзөө иштери жүргүзүлдү. Астынкы белдин жолун кенейтип түздөө иштери болду.
Жана ошондой эле ички жайыттагы Көчкүнбай атанын көлү , Көк жайыттагы көлү , Алтыбай булактын көлү , Кара тоонун көлү, Кызыл белдин боюндагы көлү тосулуп иш аткарылды.
Белдин үстүнө жолго эки труба жана «Суулуу Жан-Булактын» ичиндеги жолго төрт труба салынды.

Leave a Reply