Бугун 3-октябрь күнү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук жана Жан-Булак айылдарында турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйындын максаты өрттөн жана табигый кырсыктан жапа чеккен тургундардын турак жайлары мамлекет тарабынан камсыздандырылышы жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат
Жыйынга айыл аймактагы мекемелердин кызматкерлери, жергиликтүү калк жана Нарын облустук камсыздандыруу компаниясынын өкүлү катышты.
Камсыздандыруу компаниясынын өкүлү өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын «Турак жайды ɵрттɵн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жɵнүндɵ» мыйзамы 2016-жылдын 11-февралынан тартып күчүнɵ киргендигине байланыштуу,турак жайды камсыздандыруудан өткөрүү милдеттүү түрдө жүрөөрүн. Мыйзамдын максаты өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна же жок кылынышына байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналаарын айтып өттү. Ошондой эле камсыздандыруунун тарифи турак жайдын аянты жана көлөмүнө эмес, анын жайгашкан жери-айылда же шаарда жайгашканына карата эсептелээрин, айыл жергесиндеги турак жайды камсыздандыруу үчүн жылына 600 сом, ал эми шаардагы турак жайлар үчүн жылына 1200 төлөнөөрүн жана мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралган, Улуу Ата Мекендик согуштун, Афганистан согушунун ардагерлерин, майыптарды, Чернобыль апаатына катышкандарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ж.б. бир нече категориялар боюнча жарандардын турак жайлары бекер же жарым жартылай камсыздандырылаарын.Андан сырткары аталган мыйзам жана камсыздандыруунун жолдору жɵнүндɵ кеӊири маалыматты берип өттү.
Жыйындын аягында катышкан баардык жергиликтүү калк өзүлөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.