«Улуттук дем-дүйнөлүк, бийиктик» жарлыгынын алкагында — ынтымак, достук жана улуттук рухтагы САРМЕРДЕН кечеси өткөрүлдү!
9-октябрь күнү, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жигиттери менен Учкун айыл өкмөтүнүн кыздарынын ортосунда “Кыз-жигит сармердени” жандуу шаңга бөлөндү.
Сармерден кыз-жигит оюну Достук айылынын “Достук” клубунда болуп өттү. 
Бул кече жаштар менен чектелбестен, ар кыл курактагы катышуучуларды — мугалимдерди, маданият кызматкерлерин, айыл тургундарын жана улуу муун өкүлдөрүн бириктирген чоң майрамга айланды.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, ыр-бий, макал-лакап, табышмак, жанылмач айтыш жана суроо-жооп сыяктуу улуттук чыгармачылыктын түрлөрү аркылуу элдик баалуулуктарыбыз даңазаланды.
Ар бир катышуучу өзүнүн таланты жана жылуу маанайы менен көрүүчүлөргө кубаныч тартуулады.
Жыйынтыгында эки команда тең татыктуу оюн көрсөтүп, ынтымак менен достук жеңди! 
Катышуучулар бири-бирине белек тапшырып, жылуу каалоо-тилектерин айтып, эл арасындагы биримдикти жана сый-урматты даңазалашты.
Бул иш-чара — улуттук маданиятыбызды сактап, муундарды бириктирген жаркын үлгү болду! 
Ошондой эле бул иш-чарада калыстык кылган:
— Нарын райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Нууева Жумагул,
— бөлүмдүн орун басары Б.С. Омуралиев,
— Э. Ибраев атындагы Нарын райондук борбордук китепкананын директору Н. Аалиевага
чоң ыраазычылык билдиребиз! 
—
Жан -Булак айыл аймагынын намысын коргоп чыккан мырзалар командасына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз! 

Сиздердин жигердүүлүгүңүздөр, чыгармачылыгыңыздар жана биримдикти чагылдырган оюн көрсөтүүңүздөр жалпы элге кубаныч тартуулады.
Урматтуу аталар, агалар жана инилер!
Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!
Ар дайым ден соолугуңуздар чың болуп, иштериңиздерде ийгилик жаралып, үй-бүлөлүк бакубат жашоо коштоп жүрсүн!
Эл-жер үчүн жасаган ишиңиздер жаш муунга үлгү болуп кала берсин.




