Кулактандыруу

 

Урматтуу айылдаштар!!! Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу «Эделвейс» муниципалдык ишканасы айылыбызга жаны келген айыл чарба техникалары (1 погрузчик, 1 МТЗ 952 трактору жана 1 экскватор) айдоого 3 жумуш ордуна айдоочу-механизаторлорду кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт!!!

Конкурска катышуу үчүн 11-марттан 17-мартка чейин 18 жаштан жогору болгон айылыбыздын тургундары өздүгүн тастыктоочу документтери менен айыл өкмөтүнүн «Эделвейс» ишканасына келип, жергиликтүү жамааттан чыккан 13адамдан турган комиссиянын төрагасынын атына конкурска катышуу үчүн өз арызыныздарды берсениздер болот

17-март саат 17-00 менен арыз кабыл алуу токтойт.

19-мартта комиссия мүчөлөрү саат 10-00 баштап тандоо турун өткөрөт. Каалоочулар келип, катышыныздар. Суроолор болсо 0705321000 менен байланышсаныздар болот

 

Leave a Reply