2025-жылдын 14-октябрында Урмат Турдумамат уулу негиздеген “Китеп кербени” долбоорунун алкагында Жан-Булак айылында кезектеги иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер үчүн ар кыл темадагы семинарлар өткөрүлдү. Анын ичинде “Ар бир бала отличник боло алат”, “Ата-эне балага туура тарбия берүү”, ошондой эле жаштар үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон “Кесипти туура тандоо — ийгиликтин башаты” аттуу темаларда кызыктуу баяндамалар жасалды.
Семинардын жүрүшүндө ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар баланын келечеги үчүн туура кесип тандоонун маанисин, ата-эне менен мугалимдин бул процесстеги ролун талкуулашты. Ошондой эле азыркы замандын көйгөйлүү маселелеринин бири — бала тарбиялоодогу катачылыктар тууралуу да пайдалуу маалыматтар берилди.
Иш-чаранын алкагында китеп жарманкеси уюштурулуп, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер өздөрүнө жаккан китептерди сатып алышты. Ар бир катышуучу китептер аркылуу жаңы билимге жана шыктанууга ээ болду.
Иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, ФАПтын дарыгерлери, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер активдүү катышып, маанилүү маалыматтарды угуп, суроолоруна жооп алышты.


