Бугун 1-октябрь Карылар күнүнө карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш чарага Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Боскунчиев жана Достук айылынын айыл башчысы А.Турсунбеков катышты. Иш-чарага Достук айылында жашаган 65 жаштан 90 жашка чейинки карылар чакырылган. Чакырылган карылар Достук орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган чакан концертке күбө болушту жана айыл өкмөтү тарабынан даярдалган чакан белектерди алышты.
Айыл өкмөт башчысы У.Боскунчиев өз сөзүндө улуу муундун өкүлдөрүн камкордукка алуу, өлкөбүздүн маанилүү багыты болуп саналаарын айтып, мамлекет улгайган жарандардын пенсиясын жогорулатуу менен кошо, бир катар социалдык жеңилдиктерди түзүү үстүндө иш алып барылып жатканын, бүгүндөн тарта пенсия дагы жогорулаганын белгилөө менен бирге Достук айылында уюшулган «Шайыр Апалар» тобунда эмгектенип келген апаларга жана айыл ичинде жаштарга жол көрсөткөн, айылга эмгеги сиԣген аталарга «Ардак Грамоталарды» тапшырды.
Мындай иш-чара Жан-Булак айылында дагы өткөрүлөөрү белгиленди.