Эл аралык карылар күнү — 1-октябрь

1-октябрь күнү Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт тарабынан,Достук айылында ыйык баалуулукка айланган күн – карыларыбызды сыйлоо күнү чоң урмат-сый менен белгиленди.
Айыл өкмөттүн колдоосу менен жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен ардактуу ата-апаларыбызга сый тамак уюштурулуп, жылуу сөздөр жана ак тилектер айтылды. 💐
👴👵 Айылыбыздын 70 жаштан өткөн 90дон ашуун ата-апаларыбыз , атайын дайындалган кызыл килем үстүндө басып, белектер да берилди.
Иш-чарага Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Токторалиев Кубанычбек Мукашович, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Жанболотова Элвира Бегалиевна, Нарын райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садыркул Нурманбетов, жана Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Жан -Булак айылын ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыраманов Шүкүрбек, Жан -Булак айылылын аялдар кеңешинин төрайымы Иманалиева Чынаркүл катышып, ата -апаларды куттуктап жылуу сөздөрүн арнашты.
🎶 «Карылар — кылым туткасы, үйдүн куту» аттуу концерттик программа дагы өткөрүлүп, Достук шайыр апалар менен Нарын райондук Муса Баетов атындагы фольклордук тобу көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Бул маданий иш-чаранын уюштуруучусу Достук айылдык клубунун башчысы А.Исмаилова👏
🕊 «Карысы бар үй – кут, улуусу бар эл – уңгулуу эл» деген сөздүн терең мааниси бар. Карыларыбыздын ар бир акыл-насааты — жаштар үчүн казына, өмүр жолу — баа жеткис өрнөк.
🤲 Ардактуу ата-апаларыбызга чың ден соолук, узак өмүр, жайдары көңүл ,тынч жашоо каалайбыз. Айылыбыздын көркү, үйдүн куту болуп жүрө бериңиздер!
Жан -Булак айыл өкмөтү.
01.10.2025

Leave a Reply