Достук орто мектебинде «Мугалим өзгөрсө коом өзгөрөт» аталыштагы мугалимдерге семинар болуп өттү

 

«Калем лидерлер академиясы» жана «Тоо балдары»  коомдук фондунун колдоосу менен «Лидер мугалим» долбоорунун алкагында Достук айылындагы Достук орто мектебинде «Мугалим өзгөрсө коом өзгөрөт» аталыштагы мугалимдерге семинар болуп өттү. Семинарга Эл аралык тренер Абдыбеков Байыш Майрекович агай, психолог, теолог коомдук ишмер Мамбетасан Ибраев агай, Ислам өнүктүрүү фондунун негиздөөчүсү, түрколог Айнура Касым, «Лидер мугалим» долбоорунун тренерлери Ниязбеков Талант агай, Бакытова Ширин эже келишип, мугалимдерге ар кыл темада кызыктуу тренинг өтүп беришти. Андан сырткары Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы полковник А.У.Кыдыкбаеы, Ат-Башы ГЭСинин директору Жүндүбаев Муктарбек Жаныбекович, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Маматбаева Гүлжамал келип, мугалимдерге сыйлыктарын тапшырышты. Семинар пайдалуу жана кызыктуу болду.

 

Leave a Reply