"Шайыр апалар"
Бугун 18-март куну Жан-Булак айылынан таланттуу апалардан түзүлгөн шайыр апалар курамы жаңы түзүлүп, эл алдында өзүлөрүнүн өнөрлөрүн тарттуулашты
Жан-Булак айыл аймагында жаз айынын кирип келиши менен 8-март “Айымдардын Эл аралык майрамын” утурлай эле 21-март “Нооруз” майрамына карата Жан-Булак айылынын таланттуу апалардан түзүлгөн «Алмакунов Мааданбек» атындагы шайыр апалар тарабынан сүмөлөк кайнатылып, Ж.Ишеналиев атындагы айылдык клубда алгачкы тушоо кесүү концертти болуп өттү.
Жан-Булак жана Достук айылында жашаган 60 жаштан 70 жашка чейинки апалары “Шайыр апалардын” тушоо кесүү концертине чакырылып, Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү, аялдар кеңеши, мунициалдык ишкана, айылдык кеңештин депуттатары апаларды Рамазан айы менен куттуктап ооз ачыруу иш чарасы өткөрүлүп, сый тамак берилди
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү “Нооруз” майрамына карата өткөрүлгөн иш чарага активдүү катышкандыгы жана улуттук наркты, баалуулуктарды жайылтуу менен бирге айылдын маданий жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн Жан-Булак аялдар кеңешине Ардак Грамота жана “Алмакунов Мааданбек” атындагы шайыр апаларга ыраазычылык каттар тапшырылды