Бүгүн 15-февраль күнү Жан-Булак айылындагы Т.Апсалиев атындагы спорт комплекте айыл аймакка тиешелүү болгон мекемелердин айымдары арасында айыл өкмөтүнүн өтмө кубогу болуп өттү. Мелдешке айыл аймактан «Асылзат», «АКУН», «Ынтымак», «Достук Курама», «Достук» орто мектеби жана ФАПтын медайымдары болуп алты команда катышып, биринчи орунду «Достук Курама» командасы камсыздашты, экинчи орунду «Асылзат» командасы ал эми үчүнчү орунду «Достук» орто мектеби камсыздашты. Ошондой эле калган катышкан командалар активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык катка ээ болушту.