Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 8/2

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын   VIII кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ № 8/2

Жан-Булак  айылы                                                                                                                          5-октябрь  2023-жыл 

АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)»-КК АИД-3 долбоорундагы Ири долбоор (лор) “Эделвейс”муниципалдык ишканасына «Атайын техника »алуу  жөнүндө

Жан-Булак айыл аймагында КК АИД-3түн алкагында айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана ири долбоор (лор) “Достук орто мектебинин терезелерин алмаштыруу  жана санузел орнотуу” боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын У.Боскунчиев жана Достук айылдык аймактын АКИА АКнын төрайымы Мамбетова Бурулсун Асанкуловнанын,   маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 20-октябрь, 2021-жылдын № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын   VIII кезексиз  сессиясы  токтом  кылат:

  1. Ири долбоор (лор)- “Эделвейс”муниципалдык ишканасына «Атайын техника » алуу жалпы бюджет 2млн.871 мин сом, а.и. АРИСтин гранты 2млн.871 мин сом, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо  0 сом,  бекитилсин. (1-тиркеме.)
  2. Ири долбоор (лор)- “Эделвейс”муниципалдык ишканасына «Атайын техника » алуу 2023-жылдын  Жан-Булак айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана  инвестициялык планга киргизилсин;
  3. Ири долбоордо көрсөтүлгөн  обүектти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдарды бекитилсин;
  4. Айыл өкмөтүнүн башчысына У.Боскунчиевге ири  долбоорду жана тиешелүү иш-кагаздарды АРИСке өз убагында берүү тапшырма берилсин;
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө У.Боскунчиевге айыл өкмөт башчысына жана АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                            Э.Мамбеткулов

Comments are closed.