Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/3
Жан-Булак айылы 21-август 2023-жыл
Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын
бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарын денгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жѳнүндѳ №85 Жарлыгына ылайык Жан-Булак айыл аймагына Достук айылдары бириктирилгендиктен Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясы токтом кылат :
1.Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы ѳзгѳртүүлѳрү жана толуктоолору менен бекитилип берилсин .Тиркеме тиркелет 27 (жыйырма жети ) баракта.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлүп , jan-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана кыргыз республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармасына жѳнѳтүлсүн .
Төрага Э.Мамбеткулов