Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 6/1
Жан-Булак айылы 30-август 2023-жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу убактылуу Жобону бекитүү жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын бириктирилген айылдык кенешинин 2023-жылдын 30-августундагы №01 протоколдук жыйынынын негизинде, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII -чакырылышындагы VI кезекcиз сессиясы токтом кылат:
- Жан-Булак айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу убактылуу Жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жан-Булак айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жан-Булак айыл аймагынын укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Маматбаевага милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кенештин социалдык, жер, турак жай жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага Э.Мамбеткулов
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
VI кезексиз сессиясынын 2023-жылдын
30-августундагы №6/1 токтомунун
№1 тиркемеси
Жан-Булак айыл аймагынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу
ЖОБО
- Жалпы жоболор
- Бул укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиялары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын Кылмыштардын биридктүү реестрин жүргүзүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө буйругунну негизинде Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында татандыларды башкаруу, абаттоо эрежелери, коомдук жайларды санитардык жактан тейлөө жана айыл өкмөтүнүн компетенциясына кирген башка маселелер жаатында бузууларды аныктайт жана бөгөт коюу боюнча иштерди тартипке келтирүү жана натыйжалуу уюштуруу болуп саналат.
- Бул Жобо укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүн жана ишинин тартибин, анын ичинде алар тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана түзүүнүн, укук бузган жеке жана юридикалык жактарды жоопкерчиликке тартуунун тартибин жөнгө салат.
- Укук бузуулар жөнүндө комиссиялар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча туруктуу коллегиялдуу орган болуп саналат.
- Комиссиялардын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, күнөөсүздүктүн презумпциясынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизделет.
- Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
- Комиссиянын ыйгарым укуктары жана милдеттери
- Комиссиянын ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
– укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;
– чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.
- Комиссия укук бузуу боюнча иштерди жана укук бузуулар үчүн Кыргыз Респуликасынын кодексинде каралган жаза чараларын карайт.
- Комиссия процесуалдык далилдер менен өз алдынча чечим кабыл алат жана кабыл алынан чечимди Жан-Булак айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактар аткарууга тийиш.
- Комиссия түзүүнүн тартиби
- Комиссия Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлөт.
- Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет.
- Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди Кодекстин 535-беренесиндеаныкталган мөөнөттөрдү сактоо менен карайт.
- Укук бузуулар жөнүндө иштер иштин материалдары Комиссияга келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүк мөөнөттө каралат.
- Комиссия укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүчтөр келип түшкөн учурда же иш боюнча жагдайларды кошумча тактоо зарыл болгондо ишти кароону он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.
- Комиссия курамынын укуктары жана кызматтык милдеттери
- Комиссиянын ишин Комиссиянын төрагасы , орун басары жана катчысы уюштурат.
- Комиссиянын мүчөлөрү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо бирдей укуктарга ээ.
- Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Комиссия тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга;
– укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча далилдерди изилдөөгө жана баалоого катышууга;
– Комиссиянын чечимдерин чыгарууда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин жоболорун сактоого;
– укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколуна кол коюуга.
- Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
– укук бузуулар жөнүндө ишти кароого катышкан адамдарга суроолорду берүүгө;
– укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган жана чыгарылган чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
– ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адамдар аткарат.
- Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Комиссиянын ишин пландоого, уюштурууга жана жетектөөнү жүзөгө ашырууга;
– Комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылууга;
– Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитүүгө;
– Комиссия чыгарган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, ошондой эле Комиссиянын ишине тиешелүү башка документтерге кол коюуга;
– Комиссиянын ишине контролду жүзөгө ашырууга.
- Комиссиянын төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
– өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан (ишеним катсыз) иш алып барууга жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен өз ара аракеттенип анын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
– Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга;
– Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
– ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
Комиссиянын төрагасы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.
- Комиссиянын катчысы:
– укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону уюштурат;
– өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги алдында жүзөгө ашырат;
– Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
– Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык Комиссия тарабынан чыгарылуучу жана кабыл алынуучу укук бузуулар жөнүндө протоколдорду, токтомдорду жана аныктамаларды даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
– Комиссиянын мүчөлөрүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө белгиленген тартипте билдирет, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
– Комиссия тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун протоколун жүргүзөт жана ага кол коет;
– Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын көчүрмөлөрүн белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү жактарга берүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат;
– Кодекстин 55-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссия тарабынан кароонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизет;
– Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана алардын сакталышын камсыз кылат;
– Комиссиянын ишине байланышкан статистикалык отчеттуулукту жана малыматтык-маалымдама иштерин жүргүзөт;
– башка милдеттерди ушул Жобого жана Кодекске ылайык аткарат.
Комиссиянын катчысы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.
- Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана катчысы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга төмөнкү учурларда укуксуз, эгерде алар:
– укук бузуу үчүн жоопко тартылган адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун, өкүлдүн, адвокаттын, ошондой эле күбөнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болсо,
– укук бузуулар жөнүндө иштин чечилишине жеке, түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.
- Комиссиянын ишинин тартиби
- Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди жана ага тиркелген материалдарды жыйналыштарда карайт. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша (материалдардын келип түшкөндүгүнө жараша) өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.
- Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечимдерди кабыл алуу жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен ашыгы катышса, өттү деп эсептелет. Ошол эле учурда Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйналыштарда аудио жана/же видео жазуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.
- Добуш берүүдө Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Комиссиянын чечимин сырттан добуш берүү менен кабыл алууга жол берилбейт.
- Комиссиянын катчысы чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө укугу жок.
- Чечимди кабыл алуу жөнүндө добуш берүүдө добуштардын саны бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасы же төраганын милдеттерин аткаруучу чечүүчү добушка ээ.
- Комиссия тарабынан укук бузуулар боюнча ишти кароого даярдоонун алкагында төмөнкү маселелер кралат;
-бул ишти кароо анан компетенциясына кирээр -кирбесин
-ишти комиссияда кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жайгдайлар барбы
-укук бузуу ю\боюнча протокол туура түзүлгөнбү, иштин материалдарры КР Мыйзамдарына жана Укук бузуулар Кодексине ылайык түзүлгөнбү
-иш боюнча кароо үчүн жетиштүү материалдар барбы
-өтүнүч, баш тартуу барбы
- Комиссия Укук бузуу боюнча ишти кароодо төмөндөгүдөй чечим кабыл алат;
-ишти кароонун убактысын жана ордун белгилөө жөнүндө
– адамдарды чакыруу, иш боюнча кошумча материалдарды, экспертиза дайындоо
-ишти кароону кийинкиге калтыруу
-ишити кароодо укук бузуулар боюнча туура эмес, толук эмес толтурулган протокол,
же ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан түзүлбөгөн протоколду кайтаруу
-эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуу боюнча толтурулган протоколду үч жумушчу күндүн ичинде кароого берүү жөнүндө
- Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жеке жак укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жеке өзү катышат, ал эми юридикалык жак Кодексте каралган учурларды кошпогондо, өкүлү аркылуу катышат.
- Эгерде ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө талаптагыдай кабарланган шартта, иш каралып жаткан жерге ал эки жолудан ашык келбесе, укук бузуулар жөнүндө иш үчүн жоопкерчиликке тартылган адам же анын мыйзамдуу өкүлү, жактоочусу жок каралышы мүмкүн.
- Комиссия укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүчтөр келип түшкөн учурда же иш боюнча жагдайларды кошумча тактоо зарыл болгондо ишти кароону он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.
- Комиссия каралып жаткан иште укук бузуунун башка белгилерин аныктаган учурда, укук бузуулар жөнүндө иш Кодекстин 506-беренесинеылайык каралат.
- Каралып жаткан иште Комиссия тарабынан кылмыштын белгилери аныкталса, укук бузуулар жөнүндө иш Кодекстин 516-беренесинеылайык андан ары кароо үчүн прокурорго же ведомствого караштуулугу боюнча тергөө органына өткөрүп берилет.
- Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо убагында Кодекстин 538-беренесинеылайык Комиссиянын жыйналышынын протоколу жүргүзүлөт.
- Комиссиянын жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– Комиссиянын жыйналышынын датасы жана орду;
– Комиссиянын курамы;
– кандай иш каралып жаткандыгы;
– ишти кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө маалыматтар;
– баш тартуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;
– ишти кароого катышкан тиешелүү адамдардын түшүнүктөрү, көрсөтмөлөрү, түшүндүрмөлөрү жана корутундулары;
– ишти кароодо изилденген документтер.
- Протоколго Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышынын катчысы кол коет.
- Комиссия тарабынан кабыл алынган документтер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобого ылайык таризделет.
- Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо Комиссия төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;
2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды талап кылуу, экспертиза дайындоо жөнүндө;
3) ишти кароону кийинкиге жылдыруу жөнүндө;
4) ыйгарым укук берилбеген адамдар тарабынан протокол түзүлгөн жана иштин башка материалдары таризделген, туура эмес протокол түзүлгөн/токтом чыгарылган жана иштин башка материалдары таризделген же болбосо ишти кароодо ордун толтуруу мүмкүн болбогон берилген материалдар толук эмес болгон учурларда укук бузуулар жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын ыйгарым укуктуу органга, анын өкүлүнө же протоколду/токтомду түзгөн кызмат адамына кайтарып берүү жөнүндө;
5) эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуулар жөнүндө протоколду/токтомду жана иштин башка материалдарын ведомствого караштуулугу боюнча үч жумуш күндүн ичинде кароо үчүн өткөрүп берүү жөнүндө;
- Ушул Жобонун 35-пунктунун 7, 8-пунктчаларында каралган чечимдер токтом түрүндө чыгарылат.
- Комиссия укук бузуулар жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
– өндүрүп алуу жөнүндө токтом;
– иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом;
– туум кошуп эсептөө жөнүндө токтом.
- Ыйгарым укуктуу органдын чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет.
- Токтом ишти кароо аяктагандан кийин токтоосуз жарыяланат. Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабырлануучуга тапшырылат же жөнөтүлөт, же болбосо почта же башка байланыш каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт. Токтомдун көчүрмөсү тил кат аркылуу тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсө, ишке тиешелүү жазуу жаздырылат.
- Комиссия курамынын укуктары жана кызматтык милдеттери
- Комиссиянын ишин Комиссиянын төрагасы , орун басары жана катчысы уюштурат.
- Комиссиянын мүчөлөрү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо бирдей укуктарга ээ.
- Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Комиссия тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга;
– укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча далилдерди изилдөөгө жана баалоого катышууга;
– Комиссиянын чечимдерин чыгарууда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин жоболорун сактоого;
– укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколуна кол коюуга.
- Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
– укук бузуулар жөнүндө ишти кароого катышкан адамдарга суроолорду берүүгө;
– укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган жана чыгарылган чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
– ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адамдар аткарат.
- Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Комиссиянын ишин пландоого, уюштурууга жана жетектөөнү жүзөгө ашырууга;
– Комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылууга;
– Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитүүгө;
– Комиссия чыгарган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, ошондой эле Комиссиянын ишине тиешелүү башка документтерге кол коюуга;
– Комиссиянын ишине контролду жүзөгө ашырууга.
- Комиссиянын төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
– өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан (ишеним катсыз) иш алып барууга жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен өз ара аракеттенип анын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
– Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга;
– Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
– ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
Комиссиянын төрагасы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.
- Комиссиянын катчысы:
– укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону уюштурат;
– өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги алдында жүзөгө ашырат;
– Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
– Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык Комиссия тарабынан чыгарылуучу жана кабыл алынуучу укук бузуулар жөнүндө протоколдорду, токтомдорду жана аныктамаларды даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
– Комиссиянын мүчөлөрүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө белгиленген тартипте билдирет, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
– Комиссия тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун протоколун жүргүзөт жана ага кол коет;
– Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын көчүрмөлөрүн белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү жактарга берүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат;
– Кодекстин 55-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссия тарабынан кароонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизет;
– Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана алардын сакталышын камсыз кылат;
– Комиссиянын ишине байланышкан статистикалык отчеттуулукту жана маалыматтык-маалымдама иштерин жүргүзөт;
– башка милдеттерди ушул Жобого жана Кодекске ылайык аткарат.
Комиссиянын катчысы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.
- Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана катчысы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга төмөнкү учурларда укуксуз, эгерде алар:
– укук бузуу үчүн жоопко тартылган адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун, өкүлдүн, адвокаттын, ошондой эле күбөнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болсо,
– укук бузуулар жөнүндө иштин чечилишине жеке, түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.
- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
- Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчиликти Комиссиянын төрагасы жүзөгө ашырат, ал анын абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
- Эсепке алуу журналынын сакталышы, жазуулардын өз убагында киргизилиши жана аларда камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн Комиссиянын катчысы жоопкерчилик тартат.
- Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына зарыл документтерди жөнөтүүнү Комиссиянын катчысы жүргүзөт.
- Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароого белгиленген датадан кийинки күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүүгө тийиш. Жөнөтүлгөн кабарлама дарек ээсине жеткирилбеген учурда Комиссиянын катчысы анын жеткирилбей калган себептерин дароо аныктап, бул жөнүндө Комиссиянын төрагасына билдирүүгө жана анын көрсөтмөсү боюнча Кодекстин талаптарына ылайык кабарламаны берүүнү камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
- Комиссиянын катчысы тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди хронологиялык тартипте жалпылоо камсыз кылынат:
– укук бузуулар жөнүндө протокол жана иш боюнча башка материалдар;
– жыйналыштын жүрүшүндө келип түшүү тартибинде ишке тиркелген документтер;
– Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышынын катчысы кол койгон укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколу;
– Комиссиянын жыйналышында ишти кароонун жыйынтыгы боюнча чыгарылган аныктамалар, токтомдор. Документтер делого алардын тексти толугу менен көрүнүп тургандай көктөлөт.
- Комиссия караган укук бузуулар жөнүндө иштер катталууга тийиш. Укук бузуулар жөнүндө иштин номери каттоо журналы боюнча иштин катар номерин жана келип түшкөн жылын камтыйт.
- Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары укук бузуулар жөнүндө каралган иштер боюнча маалыматтарды Комиссия менен кварталына бир жолудан кем эмес салыштырып текшерет.
- Комиссия төмөнкүдөй эсепке алуу журналдарын жүргүзөт:
– укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы (1-тиркеме);
– укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (2-тиркеме).
- Журналдар номерленип, көктөлүп, мөөр менен бекитилүүгө тийиш, эсепке алуу журналындагы жазуулар көк же кызгылт көк түстөгү сыя (паста) менен түшүнүктүү жазылат.
- Журналдарды сактоо мөөнөтү – 3 жыл. Укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү – 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар тизме боюнча архивге тапшырылат.
- Эсепке алуу журналы ички колдонуудагы документтер болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз уюмдарга, жеке же кызмат адамдарына өткөрүп берилиши же берилиши мүмкүн эмес.
Жооптуу катчы Г.Маматбаева