Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 9/2

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын IX кезектүү  сессиясынын

ТОКТОМУ № 9/2

Жан-Булак  айылы                                                                                           12-октябрь 2023-жыл                                                                               

Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук  айылына ак суу суунун алып келүү үчүн труба койдуруу боюнча долбооруна  акча каражатын бѳлүү  жѳнүндѳ

 

Жан-Булак айыл аймагына караштуу  Достук айылынын социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ ак суу суусун  айыл ичине тартып келүүгө труба алуу     максатында  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  Кенешинин XXVIII чакырылышындагы   IХ кезектүү   сессиясынын жана айыл тургундарынын  2023-жылдын 15-сентябрындагы     элдик жыйындын №06 протоколунун  негизинде  токтом кылат:                   

  1. Нарын районунун Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 871 880  ( сегиз жүз жетимиг бир мин сегиз жүз сексен) ) сомду түзгѳн Достук айылына сугат  сууга 700 метр труба койдуруу  боюнча долбоору жактырылсын.
  2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында ѳздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 534 350 (беш жүз отуз төрт мин үч жүз элүү сом ) сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизинде бѳлүнүп берилсин.
  3. Бул долбоордун долбоордук сметасын даярдоого Нарын райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгына 25 030 (жыйырма беш мин отуз) сом акча каражаты бѳлүнүп  берилсин.
  4. Техникалык козомол жургузуучуну жалдоого 12 520( он эки мин беш жүз жыйырма) сом акча каражаты бѳлүнүп  берилсин.
  5. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ Жан-Булак  айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиев   милдеттендирилсин.

 

 Тѳрага                                                                                                       Э.Мамбеткулов

Comments are closed.