Бир адамдын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сыйланды.

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Нарын шаарынын “Он-Арча” базарында болуп өткөн окуяда адам өмүрүн сактап калган, өзү жаш болсо да күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөткөн  милиция кызматкери Жеңиш Мукамбетов Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жана Жан-Булак Айылдык кенешинин

« Ардак  грамоталары» менен биргеликте 5 мин сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Айыл өкмөт башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбекович ,Айылдык кенештин төрагасы Ормокеев Болотбек  жана Жан-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жакшы каалоо тилектерин айтышып,   өмүрүн тобокелчиликке салып, кызматтык милдетин так аткарган Жеңиш Мукамбетов менен  айылдын атуулу катары   сыймыктанышаарын , жаш тергөөчүнүн иштерине ийгилик каалоо менен бирге  ыраазычылык билдиришип, дайыма эл үчүн ак кызмат кылуусуна тилектеш экендиктерин билдиришти.

Leave a Reply