Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” аттуу Жарлыгынын алкагында, 2025-жылдын 19-июлунда Нарын районунун Кайыңды айылында “Баба салты, эне адеби” аталышындагы этно-фестиваль жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — улуттун өзөгүн түзгөн тарыхый салт-санааны, үрп-адатты, нарк-насилди даңазалап, жаш муунга кыргыз элинин маданий баалуулуктарын кеңири таанытуу болуп саналат.
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү аталган этно-фестивалдын жобосуна ылайык бардык сынактарга активдүү катышып, төмөнкү ийгиликтерге жетишти:
“Улуттук саркеч кийимдер” номинациясында:
Достук айылынын ишкер айымы Калканова Айзада салттуу кийимдерди заманбап стиль менен айкалыштырып, кийинки муунга мурас калтыруу максатында жашоого болгон жаңыча дем берип 1-орунду багынтты.
Кыргыз элинин бай каада-салттары, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн көрсөтүү боюнча
Тушоо кесүү салты көргөзүлүп, 2-орун ыйгарылды.
Кыргыздын улуттук ашканасынын даамдуулугун көрсөтүү, анын даярдалышынын сырларын ачып берүү тамак-аштардын кароо-сынагында — 2-орун ыйгарылды
Манас эпосу кыргыз элинин мурасы .Манас айтууда — 4-орун ыйгарылды
Кол өнөрчүлүк боюнча Жээнбек кызы Изаттын кол эмгектери көргөзмөгө коюлуп, акчалай сыйлыкка ээ болду.