Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр үчүн социалдык контракт: Жан-Булак айылы

Бүгүнкү күндө, аз камсыз болгон жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 “Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтомунда каралган социалдык контракт түрүндөгү мамлекеттик колдоодон пайдалануу аркылуу өздөрүнүн жашоо шартын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жан-Булак айыл аймагында  социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын биринчи отуруму болуп, анда 8  арыз каралып, анын ичинен 7 документ канааттандырылган ал эми  1 арыз берүүчүнүн арызы жүйөлү себептер менен   жылдырылган жана бул маселе менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кат жөнөтүлгөн.

Жан-Булак айылында Социалдык контракт алган үй-бүлөөлөр; Жумабекова Айкерим -12 кой, Садырбай кызы Жаркынай -сүт багытындагы 1 уй,2 кой, Абылгазы кызы Кундуз-сүт багытындагы 2 уй, Бектурова Нурзат- сүт багытындагы 2 уй ж.б у.с нерселер өзүлөрү берген бизнес планына ылайык сатып алышкан.

Жогорудагы арыз берүүчүлөр  Социалдык келишим түзүү укугун алуу үчүн «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучулар, иш жүзүндө жашаган жери боюнча төмөнкү документтердин негизинде: арыз, катышуучунун паспортунун көчүрмөсү, үй-бүлөлүк бизнес планы, программанын өзү менен кайрылышкан.

Leave a Reply