Ак калпак кунуно утурлай Жан-Булак айыл аймагындагы “Умсунай апа” бала бакчасында облустук семинар болуп отту.

 

     2024-жылдын 5-мартында «Ак калпак күнүнө» утурлай «Умсунай апа» бала бакчасында «Билим берүү технологияларынын жардамы менен компетенцияларды өнүктүрүү» деген темада облустук денгээлдеги семинар өттү. Семинарга Нарын областынын Ат-Башы, Кочкор, Жумгал, Ак Талаа райондорунун жана Нарын шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү келип күбө болуп кетишти. Семинардын максаты интерактивдүү заманбап билим берүү ыкмаларын, анын ичинде STEM окутуу тажрыйбаларын пайдалануу жана жайылтуу. Мындан сырткары семинардын алкагында ата-энелер мектебинде  «3аманбап технологиялардын жана тиркемелердин жардамы менен үй-бүлөдө балдарды ар тараптан өнүктүрүү» деген темада тренинг өтүлүп, чөнтөк жардамчы болуп аталган, баланын өсүп өнүгүүсүн көзөмөлдөө жана туура тарбия берүү үчүн кенештер менен камтылган Bebbo тиркемеси жөнүндө кенири маалымат берилди.

     

Leave a Reply