Айыл аймагы

Жан-Булак айылы тууралуу жалпы маалымат

Нарын району, Жан-Булак айылы 

2024-жыл

 

       Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын 3-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук режимде  административдик-аймактык реформа жөнүндө ”№85 Жарлыгына ылайык Жан-Булак ,Достук айыл аймактары биригип  , Жан-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жан-Булак айыл аймагы түзүлдү.

Жан-Булак айыл аймагы  эки айылдан турат. Жан-Булак , Достук айылы

              

                           Жан-Булак  айылы тууралуу жалпы маалымат

Жан-Булак айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусу Нарын районундагы айыл. 1936-жылы Жан-Булак Мээнеткеч, Кызыл Үңкүр, Жалгыз-Тал, Төш-Булак кыштактарынын негизинде түзүлгөн. Кара-Тоо менен Ала-Мышык тоосунун кошулган жеринде, Нарын дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Жан-Булак айыл аймагы бышыкчылыктуу ,жайкысын 30-35градуска чейин ысык болот,райондук борборго жакын болгону, автомагистралдык жолдун боюнда экендиги

  • Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү 1930-жылы беш айылдан турган коллективдүү чарбалардын базасында уюшулган.
  • 1946-жылы майда чарбалар  ирилештирилип Карл-Маркс атындагы колхоз түзүлгөн.
  • 1996-жылы Жан-Булак айыл өкмөтү деп аталып Юстициядан каттоодон өткөн
  • 2023-жылы Жан-Булак айыл өкмөтү деп аталып Юстициядан каттоодон өткөн

 

                Достук айылы тууралуу жалпы маалымат

Достук айылдык аймагы 1993-жылга чейин Нарын шаарынын карамагында поселкалык кенеш болуп келген. 1993-жылы Союз тарагандан тартып, өзүнчө поселкалык кенеш   болуп   бөлүнгөн.   Кыргыз   Республикасынын   ϴкмөтүнүн  Токтомунун негизинде 2012-жылы айыл өкмөт статусун алган. Достук айыл аймагы Нарын шаарынын күн батыш тарабынан 35 км аралыкта жайгашкан. Күн чыгыш тарабынан Жан-Булак айыл аймагы менен чектешсе күн батыш тарабынан Учкун айыл аймагы менен чектеш. Дениз денгээлинен 1990 метр бийиктикте жайгашкан. Жакынкы темир жолго чейинки аралык 227 км. Климаты континенталдык, жайы салкын, кышы өтө суук. Кыш мезгили 6-7 айга чейин созулат

Административдик  жайгашканы

Жан-Булак айылынын Республиканын борборунан алыстыгы- 316 (331) чакырымды түзөт, ал эми облус борборуна чейинки аралык 25 (35) чакырым. Ошол эле учурда эң жакынкы темир жолго чейинки аралык 203 (218) чакырым болсо, деңиз деңгээлинен 1900-1950 м бийиктикте турат.

 

Тузулгон убактысы:          2023-жыл

 

Курамы:                               2 айыл аймак

 

Калкынын саны :                3434  адам

 

 

Улуттук курамы: –              3434 (кыргыздар )                                               – 1(башкалар )

 

Расмий тили:                       кыргыз тили

 

Мамлекеттик кызматкерлердин саны

 

Аталышы Саны
1 Мамлекеттик  кызматчылардын саны
2 Муниципалдык кызматчылардын саны 14
3 Айылдык кенештин депутаттары 22
4 –          анын ичинен торагалары 1

 

Административдикаймактык бөлүнүшү

 

Айыл аймактарынын саны Аянты, 

м.кв

 
  

 

  

 

Калктуу конуштардын саны Айыл аймактардын саны    
Жан-Булак 25963,0 2 1

 

Калктын социалдык абалы

Косоткучтор  
1 “Уй-булоого комок” жолок пул алуучу уй-булоолордун саны 28
2 Пенсионерлердин саны 422
3 Инвалиддердин саны 56
4 –          анын ичинен инвалид балдардын саны                    18 жашка чейинкилер 15
5 Эмгектин жана согуштун ардагерлеринин саны
6 Жалгыз бой энелердин жана аталардын саны 17
7 Жумушсуздардын саны (01.01.2024   карата расмий катталгандар)                5

 

Социалдык-маданий абалы

 

Билим берүү
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны 2
–          андагы  тарбияланган балдардын саны 150
–          тарбиячыларынын  саны               12
Жалпы билим берүүчү мектептердин саны               2
– баштапкы
– негизги (9 жылдык)
– орто
Окуучулардын саны              623
Окутуучулардын саны               63
Кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларынын саны
Андагы билим алуучулардын саны
Мугалимдеринин саны
Атайын кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын саны
Андагы билим алуучулардын саны
Мугалимдеринин саны
Жогорку окуу жайларынын саны
Андагы билим алуучулардын саны
Мугалимдеринин саны
Саламаттык сактоо
Айыл аймактарындагы саламаттык сактоо мекемелеринин саны
Больницалардын саны
ФАПтардын саны 2
Үй бүлөлүк медицина борборлорунун саны
ЦОВП
Үй бүлөлүк дарыгерлер топторунун саны
Дарыканаларынын саны (жеке менчик )
Оорулуулар үчүн койкаларынын саны
Врачтардын саны
Орто медицина кызматкерлеринин саны 6
Маданият
Маданият үйлөрүнүн саны
Китепканалардын саны 2
Музейлердин саны
Театрлардын саны
Клубдардын саны 2
Жалпы маданият кызматкерлеринин саны 3
Дене тарбия жана спорт тармагы
Спорт залдардын саны (мектептердики) 1
Стадиондордун саны
Спорт аянттарынын саны ( футбол аянтчалары) 2
Спорттун түрлөрү боюнча секциялардын саны 1
Дене тарбия, ден соолукту чыңдоо борборлорунун саны               ( комплекс) 1

 

 

Агро онор жайынын абалы (Жер фондусу)
Жалпы айыл чарба жерлеринин  аянты ( га) 1916
Анын ичинен сугат жерлери (га) 1916
Кайрак жерлер(га)
Чөп чабынды  жерлер (га)
Бардык жайыт жерлер (га)          42156

 

Малдын болжолдуу саны
Ири муйуздуу мал(баш) 3443
Анын ичинен
Уй(баш) 1858
Топоз (баш) 84
Кой(баш) 17937
Эчки(баш) 2879
Жылкы (баш) 2584
Канаттуулар 3839
Эшек 38
Т==

 

Өнөр жайы
Өнөр жай ишканаларынын саны
Анын ичинен таш-көмүр өндүрүү ишканаларынын саны
Башка кен казуу ишканаларынын саны
Кайра иштетүү ишканаларынын саны
Электр энергиясы, газ менен камсыздоо боюнча ишканаларынын саны             1
Суу менен камсыздоо, тазалоо, таштандыларды иштетүү жана сырье чыгаруу боюнча

 

                                                                    ТЕЙЛϴϴ

Байланыш мезгилдин талабына ылайык «Билайн», « Мегаком», «О» мобилдик байланыш компаниялары тейлейт. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү мектептерде ,бала бакчаларда  Ат-Башы ГЭСинде, айыл өкмөтүндө ишке ашырылган.

Айыл  өкмөтүндө  «Жийде  – Бак» үрөнчүлүк   чарбалар, ветеринардык клиника   жана    «Жекшенбек – ата»    «Талгат »     техникалык  кызмат  көрсөтүүчү  менчик  чакан  техсервистер уюштурулуп кызмат кɵрсɵтүп  келүүдɵ.

Мындан сырткары  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 26- декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагындагы жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү ,ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө  №713 токтому Жан – Булак айыл өкмөтүндү  жетекчиликке жана аткарууга алынып  2022-жылдын 22-декабрында «Эдельвейс» муниципалдык иш канасы ачылып, иш алып барууда.

Comments are closed.