Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын X кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 10/5

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын

X кезектүү сессиясынын

ТОКТОМУ № 10/5

15-октябрь 2025-жыл                                                                                                                           Жан-Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          кезектүү сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы    № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдору менен бекитилген сметада кѳпүрѳ жасатууга деп каралган 54000 (элүү тѳрт мин) сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыктан айыл ѳкмѳттүн аппаратына ажааткана салууга 40000 (кырк мин) сом, 14000 (он тѳрт) мин сомуна ѳрт шаймандарын алынсын.
  2. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысынын милдетин убактылуу актаруучусу Н. Чокоевага милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                    К. Арстанбеков

 

 

Leave a Reply