Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 4/1
Жан-Булак айылы 17-июль 2023-жыл
“Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ №87 “Айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук режимде адмиситративдик аймактык реформа жъргъзълъп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кенештердин ишин уюштуруу жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, токтом кылам:
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: ” Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ” мекемеси;
-Расмий тилде: Учреждение “Айылный кенеш Жан-Булакского айылного аймака”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
– Мамлекеттик тилде: ” Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши” м-и.
– Расмий тилде: У-е “Айылный кенеш Жан-Булакского айылного аймака”
Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага Э.Мамбеткулов