Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын
Ⅹ кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 10/1
15-октябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү максатында , Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын Х кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
- Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун 7-пунктунда аныкталган нормага ылайык, Жан-Булак айыл аймагынын калкынын саны 3437 адам болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктун же курултайынын катышуучу өкүлдөрдүн саны 30 деп бекитилсин.
- Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын өкүлчүлдɵрүнүн же курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынындарына же курултайына катышуучулардын саны жана квотасы калкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.
- Жан-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 21-октябрынан 23-октябрына чейин белгиленсин (3-тиркеме).
- Кезектеги IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү 2025-жылдын 01-ноябры деп белгиленсин (4-тиркеме).
- Жумушчу топ, бекитилген графиктер боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайды өткөрүү маселелери боюнча зарыл чараларды көрүшсүн жана Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарын аткарууга алышсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jan-dulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төраганын орун басары К.Арстанбеков
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
XXIХ чакырылышынын Х кезектүү сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №10/1 токтомуна 1-тиркеме
Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.
| № | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймака жооптуу |
| 1 | Арстанбеков Куттуксейит Арстанбекович | Айылдык кеңештин төраганын орун басары | Төрага | Баардык |
| 2 | Бакасов Ильичбек Жакутович | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Катчы | Баардык |
| 3 | Калдеев Нурбек Мукашович | Депутат | Мүчөсү | ЖанɵБулак |
| 4 | Осмонова Бүбүсабида | Депутат | Мүчөсү | Достук |
| 5 | Кубат уулу Абай | Депутат | Мүчөсү | Баардык |
| 6 | Абыкеев Элдияр Ырысбаевич | Депутат | Мүчөсү | Баардык |
| 7 | Жээнбек кызы Гүлзат | Депутат | Мүчөсү | Баардык |
| 8 | Эркинбек уулу Дастан
|
Депутат | Мүчөсү | Баардык |
| 9 | Абдыраманов Шүкүрбек | Ардагерлер кенешинин тɵрагасы | Мүчөсү | Баардык |
| 10 | Амантуров Нурбек | Жаштар уюмунун мүчɵсү | Мүчөсү | Баардык |
| 11 | Абдыбек уулу Кенжебек | Депутат
|
Мүчөсү | Баардык |
| 12 | Кумарбекова Бегимай
Кумарбековна |
Депутат
|
Мүчөсү | Жан-Булак |
| 13 | Өзгɵрүшова Айкерим
Жолдошбековна |
Депутат
|
Мүчөсү | Жан-Булак |
Катчы Г.Маматбаева
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын Х кезектүү сессиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы №10/1 токтомуна 2-тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын же курултайына катышуучулардын саны жана квотасы.
| № | Айылдардын
(чөлкөмдүн) аталышы |
Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) | |
| 1 | Жан-Булак | 2604 | 114,5 | 23 | 16-эркек, 7-аял | |
| 2 | Достук | 833 | 114,5 | 7 | 5-эркек, 2-аял | |
| Жалпысы: | 3437 | 30 | 21-эркек
9аял |
|||
Катчы Г.Маматбаева
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
XXIХ чакырылышынын Х кезектүү сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы
№10/1 токтомуна 3-тиркеме
2025-жылдын 21-октябрынан 22-октябрына чейин Жан-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын же курултайынын жарандардын жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ
| № | Айылдын,кɵчɵнүн участоктун,кварталдын аталышы | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар
Жооптуу |
| 1 | Жан-Булак айылы
I , II квартал К.Осмоналиев кɵчɵсү Т.Мамырканов кɵчɵсү Сабыр уулу Сейдилда кɵчɵсү С.Иманалиев кɵчɵсү
|
К.Осмоналиев кɵчɵсү | 21.10.2025-ж
саат 10-00
сатт 11-00
|
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
А.Өзгɵрүшова Н.Калдеев |
| 2 | Жан-Булак айылы
III , IV квартал А.Белеков кɵчɵсү К.Алмакунов К.Бекбоев кɵчɵсү
|
Ж.Ишеналиев атындагы айылдык клуб | 21.10.2025-ж
саат 14-00
саат 16-00
|
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
Абдыбек уулу Кенжебек Жээнбек кызы Гулзат |
| 3 | Жан-Булак айылы
V , VI квартал Омур уулу Мукаш Кенжебаев Калый кɵчɵсү Шеримбеков Калча кɵчɵсү |
Уй сарай | 21.10.2025-ж
15-00 |
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
Кубат уулу Абай Эркинбек уулу Дастан |
| 4
|
Жан-Булк айылы
VII, VIII квартал Жийде -Бак участкасы Орозабай уулу Сарык кɵчɵсү А.Омуралиев кɵчɵсү |
Жийде-Бак участкасы | 22.10.2025-ж
15:00 |
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
Абыкеев Элдияр Кумарбекова Бегимай |
| 5 | Достук | Достук айылдык клубу | 22.10.2025-ж
саат 17-00 |
Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
Арстанбеков К Осмонова Б |
Катчы Г.Маматбаева
Жан-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин XXIХ
чакырылышынын Х кезектүү
сессиясынын 2025-жылдын
14-октябрындагы №10/1 токтомуна
4-тиркеме
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын же курултайын ɵткɵрүү
ГРАФИГИ
| № | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуучулар |
| 1 | Жан-Булак айылы | Жан-Булак айыл аймагындагы Ж.Ишеналиев атындагы айылдык клуб | 01.11.2025-ж саат 11-00 | Жумушчу топ |
Катчы Г.Маматбаева
