Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан балдар ойноочу аянтча жана айылдык мечит жаштардын демилгеси менен ондоп түзөөдөн өткөрүлдү

2024-жылдын 7-8-август  күндөрү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында балдар ойноочу аянтча  жана айылдык мечит ондоп түзөөдөн өткөрүлдү. Бул иш чараны Достук айылында туулган 1989-1990-жылкы уландар  демилге көтөрүп,өзүлөрү демөөрчү болушту. Айылдагы балдар ойноочу аянтча толугу менен сырдалып, тегереги тосулуп, скамейкалары калыбына келтирилди. Ошону менен бирге эле  айыл өкмөтү тарабынан балдар…

Толук окуу…

Бир адамдын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сыйланды.

  Бүгүн, 10-сентябрь күнү Нарын шаарынын “Он-Арча” базарында болуп өткөн окуяда адам өмүрүн сактап калган, өзү жаш болсо да күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөткөн  милиция кызматкери Жеңиш Мукамбетов Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жана Жан-Булак Айылдык кенешинин « Ардак  грамоталары» менен биргеликте 5 мин сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Айыл өкмөт…

Толук окуу…

Жан-Булак айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар көмүр отуну менен камсыз болушту

Бүгүн 9-сентябрь күнү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак жана Достук айылдарында  кирешеси 0-1000  сомду түзгөн аз камсыз  үй-бүлөөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмүр отуну таратылды. Таратылган көмүр отуну Жан-Булак айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралган.  Каралган  73 689 мин сом акча каражатына  тоннасы  4466 сомдон  16 ,500 тонна көмүр отуну…

Толук окуу…

1-СЕНТЯБРЬ БИЛИМ КҮНҮ!

Кыргызстанда жыл сайын “1-сентябрь” “Билим куну” катары белгиленет. Мындай иш-чаралар бугун Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Жутакеев  жана Достук орто мектептеринде  дагы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жан-булак айыл өкмөтүнүн  башчысы  У.Боскунчиев , Достук айылынын айыл башчысы ошондой эле   эки  мектепте  окуган бардык окуучулар, мектеп жамааты  менен бирге эле ата-энелер да…

Толук окуу…