jan-bulak.kg@mail.ru 0777 777 013  

Жан – Булак айылы                                                                                                              11-март   2024 – жыл          

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  ХXVIII-   чакырылышынын кезексиз XIII  сессиясынын 

№ 13/1  Токтому

 

 Жан-Булак айылдык кенештин депутаттарынын тѳрагасын  орун басарын , туруктуу комиссияларын шайлоо жѳнүндѳ.

        Жан-Булак айыл аймагынын  айылдык Кенешинин төрагасы Э.Мамбеткулов  Эрмек Эшимканович “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызмат ордуна дайындалгандыктан  өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда  мандатын жана  төрагалыкты өткөрүп  берип  жаткандыгына байланыштуу айылдык кенештин төрагасын шайлоо боюнча   Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин    ХXVIII-   чакырылышынын  XIII- кезексиз сессиясы  токтом  кылат :

  1. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенештин депутаттарынын   ачык добуштун негизинде  14  депутаттын  добушу менен Жан-Булак айылдык кенешинин төрагасы  болуп   Ормокеев Болотбек  Рыскулович шайлансын.
  2. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенештин депутаттарынын тѳрагасынын орун басарына 13 депутаттын добушу менен , Асаналиев Эрмек Асаналиевич   шайлансын.
  3. Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенештин депутаттарынын добушу менен         Туруктуу комиссия төмөндөгүдөй курамда шайлансын.

– Социалдык(регламент,депутаттык этика ,мандат ,)  комиссиянын төрайымына Күчүкова Клара  Акматовна ,  мүчөлөрүнө Капаров Нурлан Асылбекович  Орокова Бактыгүл Жумабековна  , Айыпов Рустѳм Исмаилович; Айдакеев Айбек Чекакунович

-Бюджеттик финансылык (экономика,инвестиция ,ишкердик иштер, энергетика, ) комиссиянын төрайымына Мусаева Майрамкүл Асановна  ,мүчөлөрүнө, Кудайбердиев Аскат Кудайбердиевич  , Адыбаев Өмүрбек Кепилович; Токтогазиева Чолпон Адиловна ; Мендибаев Адил Жолдошбекович

-Жер , турак жана айыл чарба   (токой чарба суу чарба,жашылдандыруу ,көрктөндүрүү,муниципалдык менчик ) комиссиясынын төрайымына  Озгөрүшова Айкерим  Жолдошбековна ,мүчөлөрүнө Абдыжалил уулу Чогулдур, Бейшек уулу Кубан , Абдыжапаров Адилет Жолочиевич  ,Арстанбеков Куттуксейит Арстанбекович,

5.Жан-Булак айылдык  кенештин депутаттарынан жогорудагы шайланган комиссияларга чон жоопкерчилик жүктөлгөндүгү белгиленсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                                                             Б.Ормокеев