1-СЕНТЯБРЬ БИЛИМ КҮНҮ!

Кыргызстанда жыл сайын “1-сентябрь” “Билим куну” катары белгиленет. Мындай иш-чаралар бугун Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Жутакеев  жана Достук орто мектептеринде  дагы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жан-булак айыл өкмөтүнүн  башчысы  У.Боскунчиев , Достук айылынын айыл башчысы ошондой эле   эки  мектепте  окуган бардык окуучулар, мектеп жамааты  менен бирге эле ата-энелер да катышышты. Бул күн баары үчүн кубанычтуу күн, көбүнчө 1-класстар  үчүн анткени аларга жаңы жашоо башталат, жаңы кадамдар, жаңы максаттар коюлат. Ушундай эле иш  чара Жан-Булак айылындагы «Умсунай-Апа» жана Достук айылындагы  «Жылдыз» балдар бакчаларында дагы өтүлдү.

Айта кетсек 2024-2025-окуу жылына карата 480 саат даярдоо классына 59 окуучу,1-класска 50 окуучу кирип,  жалпы 641 окуучу окуйт жана коллективде 63 мугалим 2 китепканачы эмгектенет.   Ал эми бала бакчаларда  150 тарбиялануучу тарбияланып,12 тарбиячы эмгектенет. Мектептерде  өзүн-өзү башкаруу уюмдары  иштейт.

Салттуу түрдө бул күнү окуу жылынын салтанаттуу ачылышы, класстык сааттар, ошондой эле, билим, илим, дүйнө,коопсуздук, жаратылыштиричилик, кайраттуулук ж. б. сабактар өтүлөт.

Leave a Reply