“Эл аралык балдарды коргоо күнү” жыл сайын жай айынын биринчи күнүндө белгиленет. 2024-жылдын 1-июнь күнү Нарын районундагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, эки этапта жогорку денгээлде өткөрүлдү.
Биринчи этабында айыл аймака караштуу Достук айылында жайгашкан “Жылдыз» балдар бакчасынын тарбиячылары жана тарбиялануучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Иш-чара Достук айылдык клубунда өткөрүлдү.
Майрамга айыл өкмөтүнү башчысы, мекеме жетекчилер, ата-энелер келип катышышып, балдарга куттуктоо сөздөрүн айтышты. Балдарга ар түрдүү белектер, шириндиктер берилди.
Иш чаранын аягында Ат-Башы ГЭСинин профсоюз уюму тарабынан айыл ичиндеги 300 балага балмуздак таратылып,жаш балдар арасында ыр, бий боюнча конкурстар өткөрүлдү.
Экинчи этап Жан-Булак айылындагы «Умсуна-Апа» балдар бакчасында уланып, бала бакчада тарбияланып жаткан жаш жеткинчектердин чакан концертине күбө болушту.